Муздаткыч машина - мех., жылуулук же башка энергияны чыгымдоо менен чөйрөнүкүнен кыйла төмөнкү температурада муздатылуучу заттардын жылуулугун алуучу түзүлүш.

Энергиянын чыгымдалышына жараша Муздаткыч машина төмөнкүчө бөлүнөт: компрессордук Муздаткыч машина, анда мех. энергиянын жардамы менен сууктук пайда болот; абсорбциялуу жана буу эжектордуу Муздаткыч машина, бул машиналарда сууктук жылуулук энергиянын жардамы менен алынат.

Компрессордуу Муздаткыч машина газ (аба) жана буу машиналарына бөлүнөт. Газ (аба) машинасында жумуш аткаргыч (муз­даткыч) заттар катары атмосфералык аба; буу компрессордуу машинада аммнак, хлордуу этил, көмүр кычкыл газы жана ар түрдүү фреондор; абсорбциялуу Муздаткыч машинада эки компоненттүү аралашма колдонулат.

Компрессордуу машинаныы сууктук өндүрүмд. 64-465 миң Вт, абсорбциялуу Муздаткыч машинаныкы 35 миңден 3000 миң Вт, суу эжектордуу Муздаткыч машинаныкы 240 мпцден 350 миң Втка жетет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.