Муздаткыч техника - техниканын заттарды муздатуунун ыкмаларын колдонгон тармагы.

Түрдүү муз­даткыч машинанын жардамы менен —218°С чейинки температураны жана андан да төмөнкү абсолюттук нөлгө жакын температураны алууга болот. Муздаткыч установкаларда суук өндүрүмд. 60 градустан (үй муздаткычында) ондогон млн ваттка (химия өнөр жайда) чейин, кыймылдаткычтардын кубаттуулугу 0,1 квтан бир нече миң квтка чейин жетет.

Жасалма суук тамак өнөр жайдын бардык тармагында тез бузулуучу азык­тарды муздатуу, тоңдуруу жана сактоо үчүн, турак үйлөрдө, өндүрүштүк жана коомдук жайларда абаны бир калыпта кармоо үчүн химиялык өнөр жайда суюк жана газ аралашмаларынан таза продуктуларды мис., этиленди көпчүлүк синтет. материалдарды (спирт, каучук, пластмасса ж. б.), аммиак жана минерал жер семирткичтерди алууда; машина курууда металлдарды термиялык иштетүүдө; шахталардагы өткөөлдөрдү жана үйлөрдүн фундаменттерин курууда; жер кыртышын тоцдуруу үчүн жана жасалма музду жана жасалма жылгаяктарды курууда; түрдүү транспорттук каражаттарда; коомдук тамактануу ишканаларында, медицинада, соода тармагында кеңири кол­донулат.

Өндүрүштүк муздаткыч машиналар 19-кылымдын ортосунда пайда боло баштады. 1861-ж. эт тоңдуруучу биринчи установка Сидней (Австра­лия) шаарында курулган. Ошол эле Австралияда нефть иштетүүчү заводдо нефтиден парафин бөлүп чыгаруучу муздаткыч машина орнотулган.

1881-ж. биринчи чоң муздаткыч Бос­тон шаарында (АКШда), Англияда жана 1882-ж. Берлинде курулган.

1888-ж. Россияда биринчи муздаткыч маши­на Астрахань шаарыннда курулган. Азыркы мезгилде тез айлануучу аммиак жана фреон менен иштөөчү компрессорлор кеңири та­ралган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.