Мундуз уруусу - Сол канаттагы теги байыркы ири уруулардын бири. Сөздүн соңундагы -з мүчөсү (-з/-с) байыркы Түрк тилдеринде -лар мүчөсү сыяктуу көптүк маанини туюнтат. Мисалы: Кыргыз, Басыз, Төөлөс жана башкалар. Этнонимдин параллелдери бүгүнкү Алтайлыктар менен Түркмөндөрдүн курамдарында бар экендиги аныкталган. Тарыхый фольклордун маалыматтарында алтайлыктардын курамындагы «мундуз» сөөгү (уругу - О.К.) Кыпчактар менен генетикалык жалпылыкта каралат. Телеуттардын санжыраларында тоңгон муздан бүтүп төрөлгөн эгиз балдарга Чулум мундуз, Коткор мундуз деген аттар берилери баяндалган. Кыргыздын мундуз уруусунун курамындагы «зулум мундуз», «коткор мундуз» аттуу уруктар алтайлыктар менен түз этногенетикалык байланыштарды аныктаары бышык. «Мундуз» сөзүн Махмуд Кашгари төмөндөгүдөй маанилерде чечмелейт:

  • Бат аккан (шар аккан) суу
  • Жорго ат
  • Жакшы адам

В.В.Радлов бул сөздү «жөнөкөй», «жупуну» маанисинде карайт.

Мундуз уруусунун өкүлдөрү Сузак, Базар-Коргон, Өзбекстандын: Айым, Избаскент, Коргондөбө, бир аздап Кемин, Жети-Өгүз, Кочкор, Жумгал, Нарын жана башка аймактарды мекендеп келишет.

Структуры түзөтүү

Негизги уруктары: Желимкөз (Жалалбай), Карача, Акман, Каба, Таталай, Өтөмүш, Жараке, Коткор (Чуурунду), Кансоюл, Майда мундуз, Сокучу, Көкчелек, Кызылбаш, Акбаш, Дарга, Тогунай, Азык, Сапалак, Баймундуз, Ак үйлүү, Айбаш, Атбасар, Аксылык жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү