Наарын, нарын — улуттук сый тамак, эт. Бышкан эт майда тууралып же куш тил, бөрү тил, жапырак, уй тил сымал бөртүлүп, үстүнө чык куюлат. Кесме кошулбайт. Наарын илгертен эле кыргыз, казак, өзбек жана башка элдердин сый тамагы болгон, бирок кыргыздын наарыны эң даамдуу болуп эсептеленет (казак макалы: нарынды қырғыз турасын). Наарын жөнүндөгү маалыматтар («Манас» эпосунда: «туу байталдан сойдуруп, туурап нарын койдуруп» жана башка) анын байыркы тамактардан экендигин айгинелейт. Кесме кошулган наарын Кыргызстанда "бешбармак", Өзбекстанда/Уйгурстанда - "норин/нерин" деп аталат.

Нарын
Тамактын улуттук ашканасы:

Кыргыз ашканасы
Казак ашканасы и Өзбек ашканасы

Пайда болгон өлкөсү

 Кыргызстан

Курамы
Негизги курамы:

Кесме, Эт, эт азыктары и Пияз

Окшош тамактар

Бешбармак

Naryn (dish)

Колдонулган адабияттар түзөтүү