Бешбармак — майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин сорпосуна бышырылган кесме[1] жана майлуу чык (тууралган пияз, калемпир, майлуу сорпо) аралаштырылып бешбармак жасалат. Этти майда тууроо ― улууларды, карыяларды сыйлоо. Бешбармактын алдында устукан тартылат.

Бешбармак
Тамактын улуттук ашканасы:

Bashkir cuisine
Каракалпак ашканасы
Казак ашканасы
Кыргыз ашканасы
Татар ашканасы
Түркмөн ашканасы и Өзбек ашканасы

Курамы
Негизги курамы:

lamb meat

Beshbarmak
Бешбармакка эт тууроо
Тууралган эт
Майлуу чык
Бешбармак
Сорпо

Бешбармак бардык малдын (жылкы, уй, кой, топоз, эчки) ошондой эле кийиктин (аркар, кулжа, бугу, элик) жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат.

Эт тууроо түзөтүү

Эт тууроо – атадан балага келаткан өнөр. Муну көбүнчө жигиттер аткарат. Эт туураган адамдын бычагы мокок болсо, эт майда тууралбай, эт туураган адамды бушайманга салат. Эгерде дасторкондо отурган жаш адам эт туураганды билбесе, "атасы үйрөткөн эмес да" деген сөздөр анын атасынын атына шек келтирет. Тууралчу эт жик-жиги менен сол колго кармалып, ыңгайына карай тууралат. Майда тууроо, албетте, кары-картаңдарды сыйлап, аларга эт жегизүү үчүн.

Нарын түзөтүү

Бышкан этти майдалап туурап, чык куйган тамак. Ага кесме кошулбайт. Наарын үчүн эт кырылып күл майдаланып, бөртүлүп же куш тил, бөрү тил, жапырак, уй тил сымал тууралат. Нарын кыргыз элинин илгертен эле сый тамагы болгон. "Манас" эпостогу нарын жөнүндөгү маалыматтар анын байыркы тамактардан экендигин айгинелейт: «Туу байталдан сойдуруп, Туурап нарын койдуруп» (СО, 4.87). Кесме кошулган наарын азыр бешбармак аталып жүрөт.

Кызыктуу факт түзөтүү

11-мартта 2018-жылы Бишкекте 1464 кг бешбармак, 117 метр чучук даярдалды. Бешбармак Гиннес рекорд китебине кирди.

Булактар түзөтүү

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995

Сырткы шилтемелер түзөтүү

  1. [1]