Неоколония теориялары - көз карандылыктан бошонгон өлкөлөрдү дүйн. капит. системада кармоо максатын көздөгөн буржуазиячыл жана реформачыл теориялар.

  • Бул империа­лизмдин колония системасы ыдыраган соң пайда болуп, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн экономика, саясат, социалдык мамилелер жана идеология чөйрөсүн камтыйт. Неоколония теориялары жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөрдө капит. өнүгүү жолун, батыштын социалдык системасынын үлгүсүн даңазалайт, соц. түзүлүшкө каршы багытты коздойт. «үчүнчү дүйнөдө» империализмдин социалдык жаңы түркүгүн калыптандырууга жардам берет.
  • Неоколония теорияларын 2 топ­ко бөлүүгө болот: биринчиси өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн атайын иштелип чыккан буржуазиячыл жана ре­формачыл жалпы теорияларды. экинчиси неоколониализмди тикеден тике жактоочу концепция менен теориялар­ды камтыйт.
  • Неоколония теорияларынын жалпы багы­ты капит. өпүгүүгө ыңгайлуу шарт түзүү, ил. социализмге каршы күрөшүү. Неоколония теорияларын жактоочулар саясий жак­тан өнүгүп жаткан өлкөлөрдү улуттук өз алдынчалыгынан баш тартууга үгүттөйт, бул өлкөлордүн ички жана тышкы ишине кийлигишүүгө ум­тулат. Неоколония теориялары империализмдин «үчүнчү дүйнөдө» үстөмдүгүнүн барган сайын начарлашынан, эл аралык абал­да соц. дүйн. системанын чечкиндүү таасири менен улуттук бошт. кыймылдын күчөшүнөн удам пайда болуп олтурат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.