Новокаин блокадасы — органдын белгилүү бир жерине новокаиндин эритмесин куюп четки нервдердин сезгичтигин убактылуу токтотууга негизделген дарылоо ыкмасы. Аны А. В. Вишневский 1929-ж. сунуш кылган. Новокаин анестезия кылуучу таасирден тышкары четки нерв системасына бир аз дүүлүктүргүч таасир берип, анын азыктандыруу функциясын жакшыртат, сезгенүүгө жана аллергияга каршы да таасир берет.

Новокаин блокадасы бел, моюн, куймулчакка, бут-колго, сезгенген жердин айланасына жасалат. Новокаин блокадасы менен сезгенүү процессти токтотууга болот. Кээ бир органдардын (ичеги, жатын, бут, колдун булчуңдары) тонусун жана капиллярлардын кадимки абалын кайра калыбына келтирет.

Новокаин блокадасы холециститте, панкреатитте, жара оорусунда, бөйрөк коликасында, өпкөнүн сезгенишинде, менингитте, катуу кармаган полиартритте, шокту алдын алуу жана дарылоодо, күйүк оорусунда, ачык пневмоторакста, маститте, мастопатияда, бут, кол травмага учураганда (шокко каршы), көбүргөн, флегмона, абсцессте, жылан чакканда, геморройдо, сыздоок, чыйкандын тегерегинде, шакыйда, үч ача нервдин невралгиясында жана башкаларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8