Окшоштук принциби – окшош бөлүкчөлөрдүн орун алмашуусунан алынган бөлүкчөлөр системасынын абалын эч бир экспериментте айырмалоого мүмкүн эместиги жөнүндөгү квант механикасынын фундаменталдык принциби. Окшоштук принциби классикалык жана квант механикасынын ортосундагы негизги айырмачылыктарды аныктоочу принциптердин бири болуп эсептелет. Классикалык механикада айрым бир бөлүкчөнүн траекториясы боюнча кыймылын байкоого жана бөлүкчөлөрдү бири биринен дайым айырмалоого болот. Квант механикасында окшош бөлүкчөлөр жекелик касиеттеринен толук ажыраган. Квант механикасында бөлүкчөнүн абалы толкундук функциянын жардамы менен аныкталат. Ал болсо бөлүкчөнүн мейкиндиктин берилген чекитинде болуу ыктымалдыгын аныктоого мүмкүндук түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,