Орхон-Энесай жазма эстеликтери жана кыргыз адабияты

Байыркы түрк жазуусунун эстеликтерин, өзгөчө Орхон-Энесай – Талас жазма булактарын өзүнө чейинки жана өзүнөн кийинки түрк элдеринин маданияты менен адабиятынын тарыхый тутумунан ажыратып кароого болбойт. Академик- жазуучу Т. Сыдыкбеков өзүнүн “ Тарых жана Манас” аттуу эмгегинде кыргыз журтунун улуу мурасы “Манас” менен тарыхтын бөтөнчө Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин арасындагы байланышты, оошуучулукту текстуалдык да, мазмундук да , тематикалык да жактан табигый ички байланыш деп көрсөтөт. И. Стеблева белгилеген кошоктор менен керээздер кыргыздын бырдык эпосторунда кездешет. Билге кагандын керээзи “Манастагы” Көкөтөйдүн , Манастын керээздери менен үндөшүп турат. Култегиндин тажиясына көп эл топтолушу Көкөтөйдүн ашындагы көп элдин келиши менен үндөшүп, бул көрүнүштөр байыртан келе жаткан салттык жөрөлгөлөр деген ойго алып келет. Манас баатырга эстелик күмбөздүн салынышы, анын эрдигин чагылдырган сүрөт- чиймелердин жасалуу салты Култегинге, Тонукөк менен Билге каганга тургузулну ган архитектуралык өзгөчө комплекс мүрзөлөрдү салууда уланып жатат. Жогоруда эскертилгендей, “ Манас”, “Эр Төштүкэпостору жаралуу доору жагынан биздин эрага чейинки мезгилге өтүп турарын азыр бир топ изилдөөчүлөр белгилеп жүрүшөт.
Татар жана өзбек адабиятынын тарыхынын авторлору Орхон- Энесай эстеликтеринин салты Кашкарлык Махмуддун “Түрк тилдеринин жыйнагында” уланганын белгилейт. Бул пикир жалпы түрк тайпаларынын баарына бирдей таандык, анткени байыркы түрк доору азыркы түрк элдерине тегиз тиешелүү экендиги илимде аныкталган маслеле. “Мамлакеттердин биринин жеринде жайгашкан архитектуранын, маданият менен искусствонун эстеликтерин өзбектердики же төмөнкүлөрдүкү деп бир жактуу айтуу туура эмес, бул тарыхый чындыкка карама-каршы келет”.
Кыргыз фольклору менен адабиятында рун жазма эстеликтеринен түптөлгөн кошок, керээз жанрлары бүгүнкү күнгө чейин адабий өмүрүн улантып келе жатат. Өзгөчө адам өлгөндө айтылуучу кошоктор элдик казалдардын өнүккөн жанрына айланып калган.
Орхон-Энесай – Талас жазма эстеликтери элибиздин байыркы доордогу коомдук турмушу, тарыхы менен этнографиясы, үрп-адаты менен салт-санаасы, поезиясы менен тили боюнча баа жеткис маалыматтарды берет. Айрыкча жазма адабиятыбыздын өсүп-өнүгүү процессин, элдин эпикалык көркөм ойлоо табиятын, жалпы эле сөз өнөрүнүн байыркы тегин, тарыхын изилдөөдө түрк элдеринин илимине чоң салым кошору талашсыз.
Ж. Шериев Байыркы адабият тарыхы Балыкчы 2004