ПномпеньКамбожа Королдугунун борбору. Тонлесап дарыясы менен Меконг дарыясы кошулган жерде жайгашкан. Климаты субэкватордук муссондук. Январдын орточо температурасы 23°Сден 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1480 мм. Калкы 1,5 млн (2012). Темир жана автомобиль жолдору аркылуу Бангкок (Тайланд) жана Кампонгсаом порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 14-кылымда негизделген. 1953-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Жыгаччылык, текстиль, тамак-аш, автомобиль кураштыруу, кеме ремонттоо өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер (анын ичинде улуттук, будда), институттар (жогорку техникалык, экономикалык), китепканалар (анда пальманын жалбырагына жазылган байыркы кол жазмалар сакталган), музейлер, Ват Пном монастыры (1434), Пса Тмей сары базары, королдор ак сарай комплекси (19–20-кылымдар), «Күмүш пагода» ж. б. бар.

Пномпень
кхмер. ភ្នំពេញ
Өлкө

Камбожа

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1372

Аянты

290

Бийиктиктиги

11,89

Калкы
Калкынын саны

1 325 681 (2009)

Жыштыгы

4571,31 адам/км2

Этнохроним

пномпеньдик, пномпеньдиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+7

Телефон коду

855 (023)

http://www.phnompenh.gov.kh/

Колдонулган адабияттар түзөтүү