Сайыргазы Түркмөнов (21.3.1934 – 19.2.2011) – кыргыздын белгилүү айылдык композитору, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Сайыргазы Түркмөнов
кырг. Сайыргазы Түркмөнов
Сүрөт
Туулган жылы:

21 -март 1934(1934-03-21)

Туулган жери:

Нарын облусу, Кыргызстан

Каза болгон жылы:

19 -февраль 2011(2011-02-19) (76 жаш)

Каза болгон жери:

Он-Арча айылы

Ишмердүүлүгү:

композитор, актер

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Театр:

К.Жантөшев театры, Каракол

Сыйлыктары:

«Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы


Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Сайыргазы Түркмөнов 1934-жылы 21-мартта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүндө (Эчки-Башы кыштагында) туулган. Теги – кыргыз.

(Айрым китептерде анын ысымы “Сайырказы” деп да жазылып жүрөт).

Ал орто мектепти аяктаган соң, 1952-52-жылдары Жумгал районунда райондук маданият бөлүмүндө методист (усулчу) болуп иштеген.

1952-жылдын июнь айында Нарын шаардык маданият үйүндө иштей баштайт.

1953-жылдын июнь айынан тартып 1958-жылдын августуна чейин Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы облустук драма театрында актер болуп иштеп калат.

1956-жылдан тартып обон чыгара баштаган.

1958-жылдын август айынан 1963-жылдын август айына чейин Нарын шаарындагы Тянь-Шань (азыркы Нарын) музыкалуу драма театрында актер болуп иштейт.

1963-жылдын август айынан тартып өзү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында иштеп калат. Айылда иштеп калганынын бир себеби – карыган ата-энесине каралашуу зарылдыгы болгон.

 
Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.

Оболу “Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылдык клубунун башчысы болуп иштейт.

Ошол эле жылдары айылдагы “Коммунизм” орто мектебинде окуучуларга музыкалык сабат жаатында ырааттуу таалим-тарбия берип, аларды райондук, облустук жана жумурияттык кароолорго катыштырып келди.

Алардын арасынан кийинчерээк далай музыка мугалимдери, өнөрпоздор, театр актерлору, илимпоздор, публицисттер, журналисттер чыкты.

С.Түркмөнов айылдын клуб башчысы болгон жылдары айылдык өздүк көркөм чыгармачылык ийрими кыйла өнүгүп, айылдык өнөрпоздор райондук, облустук жана жумурияттык кароо-сынактарга үзбөй катышып, бир катар сыйлыктарды алып турушту. Алардын концерттери жумурияттык сыналгы каналынан да ырааттуу берилип жүрдү.

Кыргызстандын Маданият министрлиги бул айылдык клубду “эң мыкты клуб”, “эң мыкты маданият үйү” деген наамдар менен баалады.

1992-жылы бул айылдык клубга Кыргызстандын Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен “Он-Арча Элдик театры” деген макам ыйгарылган.

Ара-чолодо айылда коомдук иштерге үзүрдүү катышып, С.Түркмөнов 8 жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.

Ушул эле Эчки-Башы айылында 1995-жылы жумурияттык маанидеги өзгөчө ардагердикке (персоналдык пенсияга) чыккан.

Ардагер болуп калганына карабастан, айылда Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Аксакалдар сотунун төрагасы сыяктуу кызматтарды аркалап жүрдү.

Кыздары – Мира, Айнура. Уулу Таалай жаш чагында кайтыш болгон.

С.Түркмөнов 2011-жылдын 19-февралында оорунун айынан каза болду.

Сөөгү өз айылындагы көрүстөнгө коюлду.


Музыкалык мурасы түзөтүү

Сайыргазы Түркмөнов совет кыргыз музыка өнөрүнө бараандуу салым кошкон.

Ал, жалпысынан, 70тей ар кыл обондорду чыгарган.

Анын обондору кыргыз колоритин өз доорунун жаңы музыкалык агымына ширелткен чыгармалар катары айырмаланат.

Композитордун өз айылдашы, айтылуу акын айым Жумакан Тынымсейитованын «Ысык-Көлдөн бир элес» Archived 2017-07-10 at the Wayback Machine деп аталган ырына чыгарылган обону кыргыз музыкасынын алтын коруна кирди.

С.Түркмөновдун обондуу ырларын СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисттери С.Бекмуратова, С.Чечейбаева, Т.Жумакаева, Г.Сейиткулова жана башкалар аткарган. Азыр да жаш аткаруучулар композитордун ырларын үзгүлтүксүз аткарып келишет.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • Кыргызстандын «Билим» коомунун Ардак грамотасы менен 3 жолу сыйланган.
  • СССР Маданият министрлиги тарабынан “эң мыкты маданият кызматкер” төш белгиси менен сыйланган (1967-жыл).
  • «Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган (1968-жыл).
  • «Нарын облусунун Ардактуу атуулу» наамын алган (2007-жыл).

Эстутум түзөтүү

Өзү туулуп-өскөн Он-Арча айылында бир көчөгө «Сайыргазы Түркмөнов атындагы көчө» деген ат берилген.

Анын айрым обондуу чыгармалары түзөтүү

  • «Ысык-Көлдөн бир элес».
  • «Асыл курак».
  • «Пахтачы кыз».
  • «Коргойбуз».
  • «Сага».
  • «Койчу жигит».


“Ысык-Көлдөн бир элес” ырынын тексти түзөтүү

Сөзү Жумакан Тынымсеитованыкы, обону Сайыргазы Түркмөновдуку.

Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.

Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык (бир) көлдүн толкуну.

Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.

Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.

Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги, ай!
Турсачы бир аз таң атпай.

Анын айрым макалалары, ырлары түзөтүү

  • Түркмөнов Сайыргазы. Руханий устат // Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1. - (Мында: 228-229-бетте).
  • Түркмөнов Сайыргазы (обончу). Сөзү Жумакан Тынымсеитованыкы. Ысык-Көлдөн бир элес // Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү]. (Мында: 181-182-бетте; нотасы менен).

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары түзөтүү

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. – (Мында: 357-бетте). - ISBN 9967-14-016-X.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Б. 139. – ISBN 978-9967-25-256-1.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр түзөтүү

 
Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.