Сахарави (араб. صحراويون‎ ṣaḥrāwīyūn) — Сахара чөлүнүн батыш бөлүгүндө жашаган эл.

Сахарави

ПОЛИСАРИО фронтунун аял согушкерлери

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 750 миң адам
🇪🇭Батыш Сахара — 300 миң (тарыхий мекени)
 Марокко — 221 миң
 Алжир — 184 миң (качкындар)
 Мавритания — 26 миң (качкындар)
 Испания — 12 миң

Тили

хассания (араб тилинин жергиликтүү варианты),
араб (адабий тили),
бербер,
испан

Дини

сүннөттөр (малики мазхабы),
суфилер

Расалык тиби

европеоид

Тууган элдер

маврлар, берберлер

Жалпы саны 750 миң адам.

анын ичинде:

Батыш Сахара (тарыхый мекени) — 300 миң;
Марокко — 221 миң;
Алжир — 184 миң (качкындар);
Мавритания — 26 миң (качкындар);
Испания — 12 миң.

Этимологиясы түзөтүү

Араб тилинен ṣaḥrāwīyūn деген сөз «чөлдөн бирөө» деп которулат. Башка тилдерде ал окшош же башка жолдор менен айтылат:

бербер тилдеринде: صحراوةṢeḥrawa, Iseḥrawiyen, Aseḥrawi, Aneẓrofan;
англ.: Sahrawi, Saharawi;
франц.: Sahraoui;
итал.: Saharaui, Sahraui;
порт.: Saaráuis, Sarianos, Saarianos;
исп.: Saharaui, Saharauita.

Тилдер түзөтүү

Дин түзөтүү

Исламдын сүннөт багытындагы малики мазхабын карманышат. Суфий избасарлары да бар.

Чарбалык иштер түзөтүү

Негизги кесиби — көчмөн малчылык (төө, кой, эчки). Оазистерде зайтун, финик, инжир өстүрүү. Туз өндүрүү (салттуу ыкмалар менен).

Тарых түзөтүү

Азыркы аймактын байыркы калкы — көчмөн берберлер.
Арабдардын басып алуу мезгилинде азыркы аймакка Ислам динин берберлер өздөрү тараткан.
Жергиликтүү калк жаңы динди жана араб маданиятынын айрым элементтерин кабыл алган. Бирок араб тилине өтүү процесси узакка созулган. Себеп: араб калкынын аздыгы.
Кээде бербер уруулары жергиликтүү бийликти өзгөртүүгө жана өз династияларын же мамлекеттерин түзүүгө умтулган диний лидерлердин айланасына биригишкен. Алар Альморавиддер династиясын орнотууга жана Альморави мамлекетин түзүүгө катышкан.
1884-1975-жылдары аймак Испаниянын Рио-де-Оро колониясы болгон. Элдик боштондук кыймылынын натыйжасында Испаниянын колониялык режими кулаган. Бирок 1975-жылдын аягында бул аймакты Марокко жана Мавритания басып алган. Оккупанттарга каршы куралдуу күрөшкө Полисарио Фронтунун аскердик-саясий кыймылы жетекчилик кылган. 1976-жылы 27-февралда Сахара Араб Демократиялык Республикасы жарыяланды. 1979-жылы Мавритания бул аймактан аскерлерин чыгарып кеткен. Мавритания территориялык дооматтардан баш тартты жана жаңы мамлекеттин көз карандысыздыгын тааныды (1984). Марокко бийликтеринин репрессиялары көп сандаган качкындарга алып келди.

Булактар түзөтүү