Сыймык Бейшекеев

Кыргызстандык ырчы

Бейшекеев Сыймык (1974-ж. т., Балачычкан айылы, Токтогул району) — обончу, ырчы, акын, республикалык фестивалдардын лауреаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2009). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022).

Сыймык Бейшекеев
Туулган датасы

9 -сентябрь 1974(1974-09-09) (50 жаш)

Туулган жери

Бала-Чычкан кыштагы, Токтогул району, Кыргызстан Кыргызстан

Кесиптери

обончу, ырчы, акын

Аспаптары

комуз

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2009)
Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022)

Өмүр баяны

түзөтүү

Сыймык Бейшекеев 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын экинчиси. Атасы Токтогул Бейшекеев совет убагында айдоочу, апасы Фанара Тиленбаева мугалим болгон. Бакыт аттуу тунгуч неберелүү болгон чоң энеси экинчи небереси жарыкка келе электе эле, "кийинки уулду Сыймык коелу" деп алдын ала ысым берип койгон экен.

Кичинекейинде согуш жөнүндөгү кинолорду көрүп аскер адамы болсом деп эңсеген. Балалык сезими менен "Эмнеге согуш бүтүп калган? Мен согушка барат элем" деп айтып, далай жолу чоң энесинен кепич менен оозго жеген. 6-класстан баштап комуз үйрөнүп, ырдай баштаган. Мектепте Сыймыксыз кароо-сынактар өтчү эмес.

Мектепти аяктаган соң ырчы болом деп борборго окууга тапшырганы келип, сынактан бир ырга үнү жетпей өтпөй калган. Айылга барып 20 сотых жерге тамеки эгип, кышында сакманчы болот. Тапкан акчасына гитара сатып алып, Сары-Жон жайытына барып өзүнө-өзү концерт койчу. Ошондо "Гүлбайра" деген биринчи ыры жаралган. Кийинки жылы кайра борборду көздөй бет алып, ырдаганы кудай жалгап Улукмырза Полотовго жагып, Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга өтүп кетет. Эки айдан кийин Эстебес Турсуналиевдин тобуна алынган[1].

Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы 2 жылдык эстрада студиясында (1991), Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө(1993)окуйт.

1994-99-жылдары филармониянын “эл ырчысы Эстебес” деген топто иштеген.

1997-жылдан өзү уюштурган эстрадалык тодту жетектейт. Б-дин обондору жалындаган жаштыкка, тунук махабатка арналган.

Чыгармачылыгы

түзөтүү

Бейшекеев кезегинде Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев аттуу өнөр адамдарынын жанында жүрүп, чогуу гастролго чыгып баштыктары көтөрүп, сөздөрүн угуп жүрүп чоң таасир алган. Чыгармачылыгында "Көлдүк кыз", "Күзгө нөшөр", "Шириним", "Сары кыз", "Энеке", "Сүйүү, сүйүү", "Саманчынын жолу" аттуу ырлары менен элге таанылган. Өнөр чөйрөсүндө жаштар менен тажрыйбасын бөлүшүп, шакирттерин тарбиялап келет.

Ырлары

түзөтүү

Автордун

  • “Күзгү нөшөр”,
  • “Сары кыз”,
  • “Бөлөмө”,
  • “Май айы махабатым”,
  • “Көлдүк кыз”,
  • “Сүйүү жылдызы”,
  • “Кызгалдактуу талаалар”,
  • “Токтогулга кетесиңби”,
  • “Сенсиң”,
  • “Кызылгүл бердим эле”,
  • “Оштук кыз”,
  • “Ак сүйүү”,
  • “Алыстаба”,
  • “Махабат сыры”,
  • “Жолукпа деп айтпачы”,
  • Найман апанын кошогу” аттуу жана башка лирикалык ырларды обондуулугу, мукамдуулугу менен улуттук эстрада ыр жанрынын өсүшүнө өз үлүшүн кошту.

Комуздун коштоосунда элдик жана обончулардын ырларын коңур үнү менен аваздык кооздукта назданта аткарат. Автордун обондуу ырларынын жыйнагы, 3-4 альбому жарык көргөн. “Күзгү нөшөр”, “Сары кыз”, “Көлдүк кыз” аттуу жана башка ырлары эстрада ырчыларынын өздүк репертуарынан түшпөй ырдалып келет.

Бир гана өлкөнүн ичинде эмес, Россия аймагында жердештерге да арнап концерт коюп келет. Концерт берүүдөгү өзгөчөлүгү — авто унаа ойнотот. Өзүнүн айтымында баш-аягы 60 чукул машине ээсин тапкан. Ырчы ишкерлик менен алектенээрин жашырбайт.

Үй-бүлөсү

түзөтүү

Жубайы Нурзада экөө тең Токтогулдан, бирок айылдары эки башка. Бишкекте окуп жүрүп, үйгө каникулга барганда таанышкан. Улуу баласы Азамат Америкада билим алат, экинчи кызы Каныкей, кийинки уулу Кадырлуу мектепте окуйт. Көкүрөк күчүк кызы Назэрке беш жашта. Ортончу уулу атасынын жолун жолдоп, ырдап жүрөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5

Шилтемелер

түзөтүү
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 Апрель 2023.