Талас (айыл)
Талас ― Кыргызстандын Талас облусунун Манас районундагы айыл. Кыргызстан айыл аймагына кирет. Кызыл-Адыр тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 642 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 23 км батыш тарапта. Жамбыл темир жол станциясынан (Казакстан) 18 км. Кыштак 1930-жылы орношкон. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Талас | |
Талас | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1930 |
Бийиктиктиги |
642 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Калкы түзөтүү
Калкы - 3 319 киши[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9