Тамашоу
Жалпы маалымат
Жанры: Телеоюн
Өлкө:  Кыргызстан
Аталышы: Тамашоу
Негизделген күнү: 2008-жылы Жетинин айынын 1и
Негиздөөчүсү: Эрмек Нурбаев, Арслан Ибрагимов
Алып баруучусу: Эрмек Нурбаев
Тил редактору: Таттыбүбү Садырбекова
Тили: Кыргызча
Сайты: Расмий сайты Archived 2014-01-04 at the Wayback Machine

Тамашоу - Кыргызстандагы белгилүү оюндардын бири. Тамашоудо ар-түрдүү чөйрөнүн командалары (окуу жайлар, ЖОЖдор ж.б.) ар кандай темага импровизациялоо, берилген суроолорго күлкүлүү жооп берүү, атайын даярдалган интермедиаларды коюу жана башкаларды аткаруу менен жарышышат.

Башталышы түзөтүү

Тамашоу жаштар лигасын ачуу идеясы 2008-жылы пайда болгон. Буга чейин орусча КВН бар экендиги маалым, бирок кыргыз тилинде ойносок деген каалоо тилек күчтүү эле. Ошол кездеги «Браво» теледолбоорунун алып баруучусу, КВН чемпиону Эрмек Нурбаев жана атактуу оюнчу, редактор Арслан Ибрагимовдун ою бир жерден чыгып, лиганы ачууга белсенип киришет. Маркетинг, анализ, документтерди тууралоо жагынан Тилек Нурбаев байкебиздин салымы чон.

Азыр ал башка өлкөдө кызматта жүргөнүнө карабастан ар бир оюнубузга келип катышып, сын- пикирлерин айтып турат. Биздин эн чон колдоочубуз, арка жологубуз, апкаарып турганда шам чырак болуп алдыга жетелеген бир адам- Кыргыз Республикасынын Биринчи Коргоо Министри, генерал майор Уметалиев Жаныбек Асанбекович, Эрмектин таякеси эле. Кыргызстан үчүн, келечек үчүн чон иш кылышын керек деп идея берген ушул киши. Тилекке каршы, биринчи сезондун жабылышына күбө болуп, эртеси, 30- май куну бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жаныбек Асанбековичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлккө сакталат…

Ошентип, иш башталганда оорчулук, ортодон капа кылган татаал маселелер чыкпай койгон жок. Дос, тууган, жакын- санаалаш адамдардын колдоосу менен алгачкы кадам шилтенди. Максатыбыз тил өнүктүрүү болгондуктан кыргыз тил жагынан жардам керек эле. Буга чейинки достук мамилебиз уланып, кыргыз тилин мыкты билген Нурзат Токтосунованы командабызга чакырдык.

Командаларды топтоп, жонго салып, түшүндурүү иштерин жүргүзүү иштерин биз мурдатан билген Нурлан Жаныбеков гана кынтыксыз алып кете алмак. Мезгил өтүп, орус колобогуна кыргыз калпагын кийгизип, кыргызча сүйлөтүп баштадык. Бир чөйрөдө айланып, бир казанда кайнап жүргөндүктөн биз билген балдар өз командаларын түзүп, катарыбызга кошулду. Алгачкы оюндар «Сейтек» борборунда жана КТРдин концерттик залында өтүп, тез эле кызыгуу жарата алды. Азыр төртөөбүз ынтымакта, келечекке ишенимдүү карап, алдыга умтулуудабыз.[1] Archived 2013-12-09 at the Wayback Machine

Тамашоу Лигалары түзөтүү

Тамашоу долборунда азыркы учурда бир нече лигалар бар. Жогорку лига, Студенттик лига жана Мектеп лига. Жогорку лига - бул телеберүү катары даярдалуучу лига. Бул лигалардан сырткары Кыргызстандын аймактарында Тамашоу филиалдары да бар.

Лига Алып баруучу Башкы тил редактору
1 Жогорку Эрмек Нурбаев Нурзат Токтосунова
2 Студенттик
3 Мектеп

Жогорку лига түзөтүү

Жогорку лига - Тамашоунун эң башкы лигасы болуп эсептелет. Жогорку лиганын чемпиондору Тамашоу долбоорунун чемпиондору болуп эсептелишет. Жогорку лиганын алып баруучусу Эрмек Нурбаев, ал эми командалардын оюнун жюри мүчөлөрү, белгилүү адамадар: ырчы, музыкант, спортсмен, жазуучу, актёр, шоумен, бизнесмен, режиссёр жана башкалар баалашат. Жогорку лиганын оюндары Кыргызстандын бир-нече телеканалдарында көрсөтүлөт.

Тамашоу чемпиондору

Сезон Өткөрүлгөн жылы команда команда капитаны
1 2008-2009 2-Рота Айбек Алиаскаров
2 2009-2010 Саяктар Азамат Калдыбаев
3 2010-2011 Ак-Өргө city Эрмек Талайбеков
4 2011-2012 Ак-кеме Жаңыш Майрамбек уулу
5 2012-2013 Моника Беллуччи Бакыт Осмонканов
6 2013- 2014 No name Мурат Жалиев
7 2014- 2015 Позитифф Актан Рыскелдиев
8 2015- 2016 Универсал Калыбек Турдубаев
9 2016- 2017 Ассорти Айбек Бектемиров
10 2017- 2018 Ошингтон Мухтар уулу Ыдырыс (Алмаз)
11 2018- 2019 Оригинал Нурсейит Жанарбеков
12 2019- 2020

Адабият түзөтүү

Интернеттик шилтемелер түзөтүү