Тамчылатма сугатсугат суусун түздөн түз ар бир өсүмдүк тамырына берүү ыкмасы. Мында өтө кичине суу чыгаргычтары «Ү» тамчылаткычтары бар пластмасса түтүктөр колдонулат; суу жүргүч өсүмдүк катарларын бойлой илинип, тамчылаткычтар өсүмдүк сабагынын же дарак сөңгөгүнүн жанында болот. Тамчылатма сугатта өсүмдүктү суу менен тынымсыз, зарыл учурда азык зат элементтери менен камсыз кылат. Айыл чарба өсүмдүгүнө суу керектешине жараша бүткүл вегетация мезгили ичинде сууну улам ченеп берүү менен анын тамыры жайгашкан зонада эң ыңгайлуу нымдуулук режими түзүлөт. Тамчылатма сугатта суу керектүү гана жерге берилип, топуракка сиңип же бууланып кетпестен, үнөмдүү пайдаланылат, жантайыңкы жерди тегиздебестен эле, анда өскөн өсүмдүктү сугарууга болот.

Булактар түзөтүү