Токтобаев, Мукамбет - театр актеру жана киноартист, драматург. Кыргыз Республикасынын эл артисти

Токтобаев Мукамбет
Токтобаев Мукамбет
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мукамбет Токтобаев
Туулган жылы: 5-май, 1947-жыл
Туулган жери: Барскоон айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан
Каза тапкан жылы: 30-июль, 2015-жыл
Каза болгон жери: Бишкек, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана киноартисти, драматург
Наамдары:

КРнын эл артисти

Театры: Кыргыз улуттук академия Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Өмүрү жана чыгармачылыгы түзөтүү

Туулуп-өскөн айылы Барскоондон 7-классты аяктагандан соң, андан ары окуусун улантуу үчүн Мукамбетти атасы уулун Балыкчы шаарындагы орто мектепке киргизет.
Балыкчыда, мектепте окуп жүргөндө эле болочок артисттин шык-жөндөмү айрыкча бадырайып көрүнө баштаган: комузун комуздай чертип, мандолинаны безеленте кошо күүгө салып, аккордеонду катыра тартып, анысы аз келгенсип созолонто ырдап, роль да ойноп, мектепте драма ийримин уюштуруп, айтор бир аз мезгилдин ичинде эле ал миң кырдуу өнөрү менен окуучулардын, мугалимдердин арасында эле эмес, бүтүндөй калаага таанымал болот. Ошон үчүн мектепти бүтүргөндөн кийин эле Балыкчы шаардык маданият үйү боконо сөөгү ката элек жаш баланы көркөм жетекчи кылып алат.
Маданият үйүндө иштеп жүрүп, бала күнүнөн самоосу башка Мукамбет, айрымдардын кеп-кеңеши менен Фрунзеге жөнөйт, филармонияга киргени.
Филармонияда бир аз иштегенден кийин, оюндагысындай болбой калып, Кыргыз мамлекеттик драма театрына жумушка кирип алат. Бирок, аяктан кадимки Муратбек Рыскуловдун жардамы менен опера-балет театрынын студиясына окууга өтөт. Ал окуу да көңүлүнө төп келбей, акыры Мукамбет кайра Балыкчыга, маданият үйүнө иштөөгө кетет.
Балыкчыда иштеп жүргөн учурда, 1967-жылдын жазында Кыргыз драма театрынын атактуу артситтеринин бири Сыдыкбек Жаманов келип калат, Балыкчынын маданият үйүнө, Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна жөндөмдүү улан-кыздарды тандоо үчүн. С. Жаманов бир нече жаштарга кошуп Мукамбетти да окуй тургандардын тизмесине жазып кетет.
Ошентип ошол жайдын ичинде М. Токтобаев сынактан ийгилктүү өтүп, кыргыздын жыйырма төрт улан-кызынын ичинде актердук кесипке окуганы СССРдин борборуна жөнөп кетет.

Москвада беш жыл окуган соң, 1972-жылы курсташтары менен кайтып келип, алар үчүн атайлап ачылган Ош шаарындагы Ош кыргыз драма театрына артист болуп кирет.

Ош кыргыз драма театрында иштеген төрт жылдын аралыгында М.Токтобаев бир нече борбордук ролдорду аткарып, анын ичинен К. Жантөшевдин “Курманбегинде” жыйырма жетидеги актер алтымыштагы Тейитбек хандын ролун ойнойт. Ушул ролу менен жаш актер борбор калаа Фрунзедеги театр журтчулугунун оозуна дароо алынат. Кыргыз театрына ,актердук искусствосунун масштабы өтө кенен, органикасы чексиз оргуштаган, реалисттик алкактын ичинен чыкпай туруп өтө таасирдүү образ жаратууга жөндөмдүү жаш таланттын кошулганы айгине болот.

1977-жылы М. Токтобаев бала чагында иштеп кеткен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына келип кирет. Ушул театрдагы М. Токтобаев дин алгачкы ролдорунун бири - “Машырбек үйлөнөт” (автору Т. Абдумомунов) комедиясындагы Машырбектин образында кантип гигант болуп көрүнгөнү тууралуу драматург, театровед, режиссер Ж.Кулмамбетов интервьюларында минтип айткан: “Боюу деле жапалдаш, анын үстүнө ал учурда анча толук да эмес Мукамбет Токтобаевдин сахнаны толтуруп гигант болуп көрүнгөнүнүн сыры мени өтө таң калтырган. Мунун сыры - көрсө актердун ички дүйнөсүнүн, талант кудуретинин масштабынынын өзгөчө теңдешсиз экендиги аны ошондой гигант кылып көрсөтчү экен”.
Ж.Кулмамбетов белгилеген, актердун талант кудуретинин өзгөчө гиганттыгы 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Семетейдин эпикалык образын жаратканда айрыкча көрүндү.
Бул туурасында Ж. Кулмамбетов өз учурунда “Эпос драмалык сахнада” деген макаласында минтип жазган: “Семетей – Токтобаевдин баскан-турганы, ар бир кыймыл-аракети, эмоционалдуу дүйнөсү, өзгөчө салмактуулугу жана жана масштабдуулугу эпостон бекем орун алган “бала жолборс”, “кабылан”, “көк жал”, “айкөл” деген каймана мүнөздөмөлөргө төп келишип калган. Мисалы, “Тайторуну сүрөө” сахнасында Семетей – Токтобаев “айсыз түндөй түнөрүп, каар бетине айланып”, “эжекеси” Каныкейдин башын кыя чабууга беленденип, жаалдуу жолборс сыңары сүрүн салып келе жаткан учуру, же болбосо, “көмүрчүдөн кеп угуп, элиң бөлөк деп угуп” он эки күн наар албай кабылан сымал комдонуп жаткан көрүнүшү жана ушуга окшогон бир кыйла сахналарда, артист жараткан образын эпикалык каарманга гана таандык сыпатка жеткирип, өзү да эпостун каарманы менен камыр-жумур жуурулушуп, биригишип кеткенсип туюулат. Өзгөчө, артисттин эркин чыккан коңур үнү, эпикалык каармандын элесине ого бетер көрк берип, бараанын арттырып турат.
Токтобаевдин Семетейи канондошкон эпостук монумент гана эмес, ошону менен бирге кан тамыры бүлкүлдөп тынымсыз согуп жаткан реалдуу киши, реалдуу инсан. Семетей – Токтобаевдин көөдөнүнө батпай ташкындаган кубаты болобу, жан дүйнөсүн бүлүккө салып өткөн кайгысы, же кубанычы болобу – ушунун баардыгын тең логикалык да, психологиялык да законченемдүүлүктөргө баш ийдирип, эпикалык каарманга реалдуу адамга тиешелүү ишенимдүү түс берген. Бир эле учурда Токтобаевдин Семетейинин биздин көз алдыбызда улуттук канондорго баш ийген эпикалык каарман да, реалдуу инсан да болуп, диалектикалык бирдиктүүлүктө көрүнүшү, образдын көркөмдүк касиетин арттырган. Иш жүзүнө келгенде, спектаклдин экинчи бөлүгүнүн көркөмдүк таасирдүүлүгү, өзгөчө ийгилиги дээрлик бойдон Токтобаевдин жараткан образына байланышкан. Артисттин Семетейинин сахнада пайда болгонунан тартып, спектаклдин жүзү нурдана түшкөнсүп сезилет”.

1986-жылы “Манастын уулу Семетей” спектаклин жаратышкан чыгармачыл топтун айрымдарына Кыргызстандын Мамлекттик Токтогул атындагы сыйлыгы берилип, эпикалык полотнонун ажарын ачкан, көркөмдүк бийиктигине жеткирген М. Токтобаевди тизмеден алып коюшат, жогорку жактагылар. Ушундан соң актер бир кыйла мезгилге чейин чүнчүп, кийин анын 1989-жылы Жамал Сейдакматова уюштурган “Тунгуч” жеке менчик театрына өтүп кетүүсүнө себепчи болгон.

“Тунгуч” театрында иштеген алгачкы эле жылдары М. Токтобаев эки бирдей ийгиликтүү образ жаратат: биринчиси Ж. Кулмамбетовдун “Чынгызхандын купуя сыры” драмасындагы Чынгызхан, экинчиси Ж. Өзүбекованын “Карагыз” драмасындагы Шамбет.
Чынгызханда М. Токтобаев Семетейден башталган масштабдуу эпикалык линияны логикалык чегине чейин жеткирсе, Шамбетте актер психологиялык гортескнин мизинде образ жаратуунун теңдешсиз чебери экенин көрсөткөн.

1995-жылы М. Токтобаев кайрадан Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрына кайтып келет.
Башкы театрга кайтып келгенден кийинки акыркы жыйырма жылдын ичинде М. Токтобаев кыргыз театр өнөрүн алда канча бийиктеткен, султан Кенесарынын (Ж. Садыковдун “Орман хан” пьесасынын негизинде коюлган спектаклде) жана улуу Шекспирдин Король Лиринин образын жараттты.
Король Лир М. Токтобаевдин чыгармачылыгындагы бир кездеги эпикалык Семетейиндей болгон, кыргыз театрына жаңылык киргизген өтө масштабдуу, өтө таасирлүү, көркөмдүк табияты аябагандай жогору образ болуп чыга келди.

Өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө өзүнүн эскерүүлөрү түзөтүү

Өмүр жолу жөнүндө М.Токтобаев өзү минтип эскерет: "Атамдын жалгыз баласы болгондуктан, ал мени жанынан алыс кетиргиси келчү эмес. Аны аяп, Балыкчыда калып, маданият үйүндө иштеп калгам.
Ошондо Нарын театрынан бирөө келип калып: "филармонияга бар" деген. Анын сөзүнө ынанып, Фрунзеге келип, филармонияга солист болуп кирдим.
Төкмө акын Эстебес Турсуналиев жана куудул Асанкул Шаршенов менен гастролго көп чыктым. Бирок бат-бат гастролдогонубуз жага бербегендиктен, ал жакта төрт ай гана иштедим.
Тааныш балдарым аркылуу Кыргыздрамтеатрына балдарды алып жаткандыгын угуп, алар менен кошо сынакка кирип, өтүп кеткем. Ошентип кыргыздрамтеатрда иштеп калдым. Мени М.Рыскулов аксакалыбыз чакырып алып, күнүгө ырдата берчү.
Анан бир күнү: "Мен сени бир жерге алып барайын, ошого макулсуңбу?" деп калды. Дароо макулдугумду бердим эле Мукем мени Опера жана балет театрына алып барды. Мурда эле аларга телефон чалып койгон экен, ал жерден төрт-беш киши тосуп алып, ырдатып көрүшүп, операга алып коюшту. Мукем: "Сен ушул жерде окуйсуң, иштейсиң, сенин ордуң ушул жер" деп кетип калды. Ошентип хорго иштемек, Кийизбаевадан окумак болдум. Ал жерден ыры да, балети да, хору, бийи койчу деги бардык нерседен баш айланат, андайга көнбөгөн жаным, кийинки күнү барбай койгом...[1](жеткиликсиз шилтеме)
Ошентип жүрүп, кайра Балыкчыга баргам. Атам жибербей алып калды".

Күтүүсүз кырсыктан каза болгон Мукамбет Токтобаевди 2015-жылдын 1-августундагы аза күтүү митингинде Жаныш Кулмамбетов: "Мукамбет Токтобаев талант кудуретинин масштабы боюнча Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров сыяктуу кыргыздын улуу артисттеринин катарында турган өтө сейрек кездешүүчү улуу талант" деп баа берген.

Театрда ойногон негизги ролдору түзөтүү

Иван Коломийцев (Максим Горький. «Акыркылар»)
Журден (Ж. Б. Мольер. «Дворяндыкты эңсеген көпөс)
Тейитбек (К. Жантөшев. «Курманбек»)
Токтогул (Б. Жакиев. «Миң кыял»)
Осмонкул (К. Маликов. «Осмонкул»)
Машырбек, Мажит (Т. Абдумомунов. «Машырбек үйлөнөт», «Жарыктык карыларым»)
Думана (М. Карим, «Ай тутулган түндө»)
Лопахин (А. П. Чехов, «Алчалуу бак»)
Танабай (Ч. Айтматов, «Танабай Бакасов»)
Акун (М. Токтобаев, «Көл жээгиндеги үй»)
Семетей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)
Чыңгыз хан (Ж.Кулмамбетов. «Чыңгызхандын купуя сыры»)
Шамбет (Ж. Өзүбекова. «Кара кыз»)
Апенди (М. Токтобаев. «Апендинин жоруктары»)
Манасчы (М. Токтобаев. «Кайран энең Каныкей»)
Султан Кененсары (Ж.Садыков, "Ормон хан")
Король Лир (У.Шекспир, «Король Лир»)
Шаар башчысы (Гоголь Николай Васильевич. "Текшерүүчү") жана башкалар.

Жазган жана коюлган пьесалары түзөтүү

Көл жээгиндеги үй (Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган)
Апендинин жоруктары (“Тунгуч” театрында коюлган)
Кайран энең Каныкей (“Тунгуч” театрында коюлган)

Тартылган кинолору түзөтүү

«Фудзиямадагы кадыр түн»
"Чиркин өмүр"
"Айыл өкмөтү"
"Сокур кемпир көрөгөч"
"Чыңгызхан" (Россия)
"Президент менен бомж"

Обондору түзөтүү

«Каркыралар» (сөзү А.Абдыкалыковдуку)
«Кыздар жана көйнөктөр» (сөзү Б.Сарногоевдики)
«Биз отурган автобус» (сөзү С.Эралиевдики)
«Ышкырык» (сөзү М. Токтобаевдики) жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Ж.Кулмамбетов . Театр дүйнөсүндө. Фрунзе, Кыргызстан, 1987-ж.
  • Ж.Кулмамбетов . Режиссер Бообек Ибраев. Бишкек, Принт-Экспресс, 2015-ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Кыргыз эл артисти Муканбет Токтобаев жубайы Жандат Жаманбаева менен(жеткиликсиз шилтеме)