Эстебес Турсуналиев

Турсуналиев, Эстебес‎»‎ барагынан багытталды)

Эстебес Турсуналиев (5-май, 1931-жыл, Кара-Арча айылы (Талас облусу) — 11-октябрь, 2005-жыл, Бишкек) — белгилүү акын, төкмө акын, комузчу. СССРдин эл артисти (1988-ж.)

Эстебес Турсуналиев
Туулган жери:

Арал айылы

Жарандыгы:

 ССРС →
 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

төкмө акын, акын, комузчу

Сыйлыктары:

«Ардак белгиси» ордени,«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары.

Өмүр баяны түзөтүү

Эстебес Турсуналиев — 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Э.Турсуналиев кыргыз элинин фольклордук ырларын аткаруучу солист катарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, фольклордук топ менен бирге Индияда, Бельгияда, Швецияда, Францияда, Японияда ж.б. өлкөлөрдө гастролдордо болгон.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептери жарыкка чыгарган.

Ага Кыргыз Мамлекеттик кон-серваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарыл-ган.
«Ардак белгиси» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган. 

Билими түзөтүү

  • 1939-1946-жж. – Арал орто мектеби, 5-классынан баштап көркөмс 5-го класса өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышкан;
  • 1946-ж. – он беш жашар баланы Алымкул Үсөнбаев Эстебестин жөндөмдүүлүгүн байкап, Фрунзеге алып келген.
  • 1947-ж. – 1946-жылы республикалык өздүк-көркөм чыгармачылыгынын олимпиадасынан улуу акын Алымкул Үсөнбаев анын өнөрүнө баа берип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алып келген. Ошол жылы кыргыздын белгилүү төкмө акындары жана музыканттары – Алымкул Үсөнбаев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев жана башкалардын окуучусу болуп калган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Аялы– Райгүл жана сегиз баласы бар: Съездбек, Насыпбек, Эркинбек, Таалайбек, Толкуна, Нурдин, Айнура, Нурлан.  

Чыгармачылыгы түзөтүү

Анын чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. 1952-жылдан өнөктөшү Т.Тыныбеков менен комуздун коштоосундагы айтыш ырларын жаза баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Акындын үнү» деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Бир катар ырлар жана айтыштар жыйнактарынын автору. Сегиз китептин автору.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

  • «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштагы каарман эмгеги үчүн»;
  • СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1967);
  • 1973–1975-жж. Э.Турсуналиев тарабынан даярдалган программалардын циклы Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон;
  • Кыргыз ССРинин Эл артисти (1976);
  • СССР Эл артисти (1988-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Эл депутаты (1990-ж.);
  • Казак Республикасынын Эл артисти (1994);
  • Эл Аралык Руханият ассоциациясынын лауреаты (1999-ж.);
  • Кыргыз Мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наамынын ээси.
  • «Ардак белгиси» ордени;
  • В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы;
  • Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Акындын үнү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 55 б.
  • Заман жарчысы: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 125 б.
  • Эскерүүлөр. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 156 б.
  • Ыр – өмүрүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 226 б.
  • Кайыңды: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 104 б.
  • Ак таңдай: Ырлар жана эскерүүлөр. – Ф.: Адабият, 1991. – 159 б.
  • Айтыштар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973.

Шилтемелер түзөтүү

Актандайлар. Бишкек-2004.
Манас району. Энциклопедия. Бишкек -2006.

Колдонулган адабияттар түзөтүү