Федоров, Михаил Николаевич

Фёдоров Михаил Николаевич (1937-жылы туулган, Өзбекстан, Ташкен шаары) – тарых илимдеринин доктору (1990), профессор (1992). 1952-жылы Ташкен мамлекеттик университетин бүтүргөн. Өзбек ССР ИАнын Тарых жана археологиялык институтунда илимий кызматкер, КМУда окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы. Илимий эмгектери негизинен Орто Азиянын тарыхын, археологиясын, нумизматикасын изилдөөгө арналган. 100дөн ашык илимий эмгектери, тарыхый повесттери жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү