Чыгыш-Перипатетизми (орус. Восточный перипатетизм) – араб-мусулман өлкөлөрүндөгү Аристотелдин жолун жолдоочулар.

Эң көрүнүктүү өкүлдөрү болуп Аль-Кинди, Аль-Фараби, Ибн-Сина, Ибн-Баджа, Ибн-Туфейль, Ибн-Рушд жана башкалар эсептелишет. Бул араб-мусулман философиясынын өкүлдөрү Аристотелдин эмгектерине түшүндүрмөө жазуу менен бирге, геометрия, астрономия, оптика, метерология, медицина, психология, музыка, логика, этика, математика, физика, химия, фармакология, астрология, укук, саясат, анатомия, метафизика жана башка илимдердин тармактарын изилдешкен, б. а. араб-мусулман перипатетиктери конкреттүү илимдер менен тыгыз байланышта болуп, орто кылымдагы батыш аристотелчилерден айырмаланып, Аристотелдин философиясын диндик көз караштарга аралаштырган эмес. Алар, өзгөчө Аль-Фараби, Ибн-Сина жана Ибн-Рушддар дүйнөнүн түбөлүктүүлүгү жөнүндө окууларын өнүктүрүшкөн.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8