Алгачкы комиссар Шади Жороев
.

Омүрү таржымалы түзөтүү

1903-жылы Сүлүктү шарында туулган. 13 жашында (1916-жылы) баштап Сүлүктү шахтасында иштей баштаган. 1919-жылы Сүлүктү Лейлек аймагындагы басмачыларга каршы ыктярдуу Кызыл отрядда 1923-жылга чейин күрөшкөн.

Билими жана аткарган жумушу түзөтүү

Бул отряддын командири Н. Гизатулин болгон. 1923-жылы Ташкент шаарында Орто Азия улуттук аскер оккуу жайына жиберилет. Аны менен бирге Лейлектик ]]Усман Элмурадов]], Мавлян Раззаковдор да жөнөтүлгөн. (Бул жердештерибиз да көрөнүктүү аскердик саясий жетекчи болуп чыгышкан).
{[1927-жыл]]ы аскер окуу жайын ийгиликтүү аяктап, биринчи Түркстан атчандар полкунун взвод командири, болуп дайындалат. Түркмөнстандагы Кеңеш бийлигине каршы душмандарга каршы күрөшкө катышкан.
1934-жылыга чейин Фрунзедеги атчандар полкунда зводдун командири, саясий жетекчи болуп кызмат кылат.
Шади Жороев көрсөткөн эрдиктери, билими жана жөндөмү эске алынып 1934-жылы Лелинграддагы Толмачев атындагы жогорку аскердик академияга окууга жөнөтүлөт.
Аны 1937-жылы алгачкы кыргыз жаштарынан болуп бүтүрүп чыгат. Өз элине келип: Фрунзе шаарындагы атчандар полкунда комиссар болуп 1937-1939 жылдары кызмат кылат. 1939-жылы майор Шади Жороев Жалал-Абад дубанын Чаткал районуна военком (аскер комисары) болуп барат. Ал жерде Ата Мекендик коргоого жоокерлерди даярдап жөнөтүүдө көп эмгек жумшайт.

Дүйнөн кайтуусу түзөтүү

1943-жылы Башоона айынын 1 куну Шади Жороевди душман атып жарадар кылат. Шади Жороевди Ташкенттен учак чакырып госпитальга жөнөтөт. Бирок ал учакта дүйнөдөн кайтат.
Анын сөөгү Ташкенттеги "Интернационал" мүрзөсүнө коюулган. Аялы Анарбүбү, балдары Кылыч, Дамир, кыздары Лайли, Раялар Сүлүктү шаарында жашашат.
Мен Сүлүктү, Лейлек тарыхын тактап жүрүп Шади Жороевдин балдары, неберелери менен танышып, анын өздүк докименттери, өмүр баяны менен таанышып чыктым. Сүлүктү шаарында Шади Жороев атындагы көчө бар.

Алган сыйлыктары түзөтүү

Ал көрсөткөн эрдиктери үчүн "Кызыл-Туу" ордени жана башка медалдар менен сыйланган.