Шакектер ээси: Шакектин боордоштугу

"Шакектер ээси: Шакектин боордоштугу" (англ. The Lord of the Rings: The Fellowship of the Ring) — 2001-жылы тартылган эпикалык-фантастикалык жоруктуу тасма. Режиссер Питер Жэксон Ж.Р.Р. Толкиндин "Шакектер ээси" (1954-1955) китебинин биринчи томунун негизинде тарткан. Бул "Шакектер ээси" сериясынын биринчи бөлүгү болуп саналат.

Шакектер ээси: Шакектин боордоштугу
Режиссеру Питер Жексон
Продюсер
Сценарийи
Оператору Эндрү Лесни
Негизинде Шакектер ээси: Шакектин тарапташтары
автору: Жон Роналд Руэл Толкин
Тартылгандар
Музыкасы Говард Шор
Редактору Жон Гилберт
Жайылтуучу New Line Cinema
Чыккан жылы
  • 10 декабрь 2001 (2001-12-10) (Odeon Leicester Square)
  • 19 декабрь 2001 (2001-12-19) (Түндүк Америка)
  • 20 декабрь 2001 (2001-12-20) (Жаңы Зеландия)
Узактыгы 178 мүн.[1]
(Theatrical)
228 мүн.
(Extended)
Өлкөсү
Тили Англис
Бюджети $93 млн
Киреше $871.5 млн

Окуя жердин ортосунда өтөт жана кара күч ээси Саурон (Сала Бейкер) бир шакекти издөөсү менен башталат. Ал мезгилде шакек Фродо Баггинс (Элайжа Вууд) аттуу жаш хоббиттин колунда болот. Фродо жана шакек тарапташтарын түзгөн 8 адам Мордор деген жердеги шакекти жок кыла ала турган Дуум тоосуна жөнөшкөндүктөн жер ортосунун тагдыры белгисиз абалда калат.

Тасма 74-Оскарда "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Маккеллан) сыяктуу 13 наамга талапкерлиги көргөзүлгөн. Ал эми "Эң мыкты кинематография", "Эң мыкты макиаж", "Эң мыкты музыка" жана "Эң мыкты визуалдык таасир" сыйлыктарын утуп алган. Ошондой эле тасма "Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты режиссер" сыяктуу 4 "BAFTA" сыйлыгын уткан. 2007-жылы тасма Америка фильм институтунда (AFI ) "Американын эң мыкты тасма" тизмесинде 50-орунду ээлеген. Ошондой эле AFI бардык мезгилдеги эң мыкты фантастикалык тасма рейтингинде хит 10 тасманын ичинен 2-орунда турган. "Empire" журналынын 2008-жылы жүргүзгөн рейтинги боюнча бул тасма бардык мезгилдеги эң мыкты 500 тасманын ичинен 24-орунда турган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. The Lord of the Rings – The Fellowship of the Ring. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  2. 2.0 2.1 The Lord of the Rings The Fellowship of the Ring (2001). British Film Institute. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2014.