Шауйя
Шауйя (шавийя, шавия), (араб. chaouia, shawiya, شاويه; берб. ⵉⵛⴰⵡⵉⵢⵏ,
шауйя тилинде Išawiyen) — Алжирдеги бербер элдеринин бири. Алжирдин түндүк-чыгышында Атлас тоолу регионунда жашайт.
Саны 2 325 000 адам[1].
Шауйя ⵉⵛⴰⵡⵉⵢⵏ | |
Шауйя айымы | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 2 325 000 адам | |
Тили | |
Дини |
сүннөттөр (маликит мазхабы) |
Расалык тиби |
европеоид (жер ортолук деңиз варианты) |
Кирет | |
Тууган элдер |
Тил
түзөтүүШауйя (ташауит) тилинде сүйлөшөт. Араб тилинин алжир диалектиси да кеңири таралган. Көпчүлүк француз тилин билет (мектептерде француз тили окутулат).
Дин
түзөтүүНегизи сүннөттүк (маликит мазхабы) Исламды тутушат. Бирок илгерки ишенимдердин кээ бир салттары сакталууда.
Чарбачылык иштер
түзөтүүНегизги кесиби: жарым көчмөн мал чарбачылыгы (төө, ири мүйүздүү мал, кой) жана багбанчылык (олива, финик, инжир).
Маданият
түзөтүү"Aмазиг" маданий кыймылы шауйя интеллигенциясы тарабынан түзүлгөн жана шауйя үчүн гана эмес, башка бербер элдери үчүн да жалпы берберлердин эң маанилүү бирикмелеринин бири болуп саналат. Анын жаралышы Алжирдин бардык тармактарындагы бербер кыймылынын ар түрдүүлүгүн чагылдырган.
Салт
түзөтүүШауйя элинин аялдарынын арасында кына менен бетине жана колдорун татуировкалоо салты сакталып калган. Аялдар магия жана төлгө ритуалдарды практикалашат.
Белгилүү инсандар
түзөтүү- Ламин Зеруаль — Алжирдин президенти
- Али Бенфлис — Алжирдин премьер-министри
- Халед Неззар — генерал-майор
Дагы окуңуз
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Миронова Е. И. Глава III. Итоги сорокалетнего развития // Проблема берберского меньшинства. — М.: Ин-т изучения Израиля и Ближнего Востока, 2004. — С. 69-70. — 113 с.
- Минц Л. М. Берберы // Большая энциклопедия народов : для школьников и студентов. — М.: Олма Медиагрупп, 2007. — С. 99-100. — 641 с. — ISBN 978-5-373-01053-5.
- Шпажников Г.А. Северная Африка : Алжир // Религии стран Африки (Изд. 2-е). — М.: Наука, 1981. — С. 55. — 369 с.
- Сергеев М.С. Берберы Северной Африки: прошлое и настоящее. — М.: Ин-т изучения Израиля и Ближнего Востока, 2003. — С. 7-113. — 213 с. — ISBN 5-89394-103-9.