Шенуа (ченуаараб. شناوة , бербер. icenwiyen, ⵉⵛⵏⵡⵉⵢⵏ) — Алжирдеги бербер эли.

Шенуа
ⵉⵛⵏⵡⵉⵢⵏ

Шенуа желеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 106 миң адам
 Алжир

Тили

шенуа,
араб (алжир диалектиси)

Дини

Ислам (сүннөттөр)

Расалык тиби

европеоид (жер ортолук деңиз варианты)

Кирет

берберлер

Тууган элдер

шауйя, кабилдер

Алар Жер ортолук деңиздин боюнда жайгашкан адырлуу (айрыкча Шенуа тоосунун тегерегинде) аймакта жашашат.
Саны 106 миң адам.
Шенуа жана араб (алжир диалектинде) тилдеринде сүйлөшөт.
Ишенгендердин көбү Исламдын сүннөт багытындагы маликит мазхабын карманышат.
Тил жана маданият жактан шауйя элине жакын болушат.
Шенуа тоосунун айланасы 10 000 жыл мурун калк отурукташкан. Римдиктер келгенге чейин бул аймак Нумидиянын бир бөлүгү болгон. Арабдардын келиши менен жергиликтүү калкты исламдаштыруу жана арабдаштыруу процесси башталган. Француз колонизаторлоруна каршылык көрсөтүү мезгилинде шенуа элинин саны кыскарган. 1990-жылдары шенуа маданиятын жандандыруу кыймылы пайда болгон.

Шилтемелер түзөтүү