Шопоков

Шопок‎»‎ барагынан багытталды)

ШопокСокулук районундагы шаар (1985-жылга чейин Краснооктябрский шаарчасы). Райондун борбору Сокулук кыштагынан 5 км, өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 20 км, «Манас» аэропортунан 45 км, облустун борбору Токмоктон 80 км аралыкта, деңиз деңг. 760 м бийиктикте, Бишкек–Тараз (Казакстан) – Ташкент (Өзбекстан) автомобиль жолунун жана Чалдыбар–Кара-балта–Бишкек–Балыкчы темир жолунун боюнда жайгашкан. Шаардын борбору (Шопоков) темир жолунан бекетинен 4 км аралыкта. Аянты 529,9 га. Калкы 8,9 миң (2002) жана райондук борбор көп улуттуу: кыргыздар, орустар, украиндер жана башка.Шаарда «Кыргызторгмаш» жабык типтеги акционердик коому (ЖТАК),«Кошой» АК, «Шопоков Дан-азык», «Эмгекчил» АК, «Ала-Тоо», «Тотонсүт» жоопкерчилиги чектелген коомдор жана башкалар. 10го жакын ишканасы, 3 кичи тегирмен бар. Шаарда кесиптик лицей, 2 орто мектеп гимназия, бейтапкана, 2 оорукана, 3 дарыкана, 3 мончо, 2 клуб, китепкана, музей бар. Шаар, Москваны коргогон 28 Панфиловчу жоокерлердин бири, ушул жердин кулуну Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун ысымынан аталган.

Өлкө

Кыргызстан

Облус

Чүй облусу

Тарыхы жана Географиясы
Бийиктиктиги

740

Калкы
Калкынын саны

8700 (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Телефон коду

+996 3134

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы.