Ысык-Көл курорт зонасы - Ысык-Көл облусунда. Ага Чоктал, Чолпон-Ата, Жыргалаң, Аксуу, Жети-Өгүз, Тамга климаттык бальнеол. ж-а баткак м-н дарылоочу курорттор, о. эле бир нече курорт аймактары кирет.

Республиканын борбору Бишкек ш. м-н курорттор ж-а курорт аймактары автобус, самолёт аркылуу бай лан ыша т. Ысы ккөлд үн жээгинде, 1610–2200 м бийиктикте, түштүгүнөн Тескей Алатоо, түндүгүнөн Күнгөй Ала-Тоо м-н курчалган Ысык-Көл ойдуңунда жайгашкан. Ойдуңдун таманын дүйнөдөгү ири көлдөрдүн бири, өзгөчө кооз, дарылык касиети бар мала туздуу Ысык-Көл зэлейт. Ал деңиз деңг. 1608 м бийиктикте жатат. Көл суусунун темп-расы кышында 0°тан 4°Сге чейин, жайында 20–24°Сге чейин жылыйт. Жээгинин көп бөлүгүн кумдуу жерлер (пляждар) ээлейт. Тоо капчыгайларында теңиртоо карагайы, субальп ж-а альп шалбаасы өсөт. Аймагында Ысык-Көл биосфералык резерваты уюшулган. Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттор жайгашкан аймактын кышы мелүүн жумшак келип, кар катмарынын калыңдыгы чыгышты көздөй жогорулап, январдын орт. темп-расы батышында –3°С, чыгышында–4°Сден –7°Сге чейин. Жайы салкын, июлдун орт. темп-расы 17°С. Жылдык жаанчачыны батышында 110 мм, борборунда-200–280 мм, чыгышында 500 ммдей. Жылына 2600–2880 саат күн тиет. Бриз шамалдары басымдуу. Ысык-Көл ойдуңун курчап турган кырка тоолордун капталдарында жайгашкан курорттордун (Аксуу, Жети-Өгүз ж. б.) кышы салыштырмалуу суугураак (январдын орт. темп-расы –9°С),кар бир кылка жаайт; жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 15–16°С); жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Алардын курорттук ресурстарынын негизин минералдуу суулар түзөт. Респ-нын терм суу зонасынын жарымынан ашыгы Ысык-Көл ойдуңунда жайгашкан. Тескей Алатоонун түн. капталынан чыккан жылуу ж-а ысык (20°тан 60°Сге чейин) булактар (Чоң Кызылсуу, Аксуу, Бозучук, Жуукучак, Керегеташ ж. б.) хим. составы б-ча азоттуу сульфат-хлорид-натрийлүү сууларга кирет (минералдануусу 0,12–0,93 г/л). Составында, о. эле кремний кислотасы, фтор, күкүрттүү суутек бар. Жалпы суткалык дебити 2 миң м3 чамасында. Күнгөй Алатоонун этегинде суткалык чыгымы 700 м3 келген Кутургу ж-а Күрмөнтү субтерм (20°С) булактары чыгат. Суусунун хим. составы Тескей Алатоодогу булактардыкына окшош (минералдуулугу 0,2 г/л). Ысык-Көлдү курчаган тоо капталдарындагы терм булактарынын ичинен радондуу, орто ж-а аз минералдашкан Жетөгүз минералдуу суусунун мааниси зор; анын базасында Жетөгүз курорту иштейт. Ысык-Көл өрөөнүнүн борб. Бөлүгүндөгү артезиан бассейнине кирген минералдуу терм сууларынын бардыгы (Карабулуң жарым аралындагы Үчкайнар булагынан башкасы) геол. чалгындоо, бургулоосунун натыйжасында табылган. Ысык-Көлдүн түн. жээгинде Бает, Карой, Корумду кышнын ж-а Чолпоната ш-нын жанынан минералдуу ысык суулар чыгарылган (к. Чолпоната минералдуу суусу). Артезиан бассейнинин чыгыш бөлүгүнөн чыгарылган ысык булактын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Бальнеол. курорттор үчүн Ысык-Көлдүн хлорид-сульфат-натрий-магнийлүү көл суусунун (минералдануусу 6 г/л чамасында) келечекте мааниси зор. Ы. к. з-нда минералдуу суулардан тышкары дары баткактардын мааниси зор.

Сульфиддүү дары баткак кендери (7) Ысык-Көл акваториясында ж-а анын жээк бөлүгүндө Карой, Чолпоната, Күрмөнтү, Жыргалаң, Кызылсуу ж-а Тамгада (запасы 3,5 млн м3) жайгашкан. Ден соолукту чыңдоодо өрөөндүн жагымдуу климатынын да таасири чоң. Ы. к. з-нда 100дөн ашык дарылоо-ден соолукту чыңдоо жайлары – 12 санаторий (1010 орундуу), 7 эс алуу үйү (3,3 миңден ашык орундуу), 47 пансионат (13 миңден ашык орундуу), 5 турбаза (2,5 миңдей орундуу), көптөгөн спорттук-ден соолукту чыңдоо ж-а балдар лагерлери бар. Курорт сезонунда 300 миңдей адам эс алат. Ы. к. з. тамак сиңирүү, кыймыл-а таяныч, дем алуу органдары, нерв ж-а жүрөк кантамыр системалары, гинекологиялык ж. б. ооруларды дарылоого жагымдуу. Келечекте дүйнөлүк маанидеги курорт зонасына айланып (эс алуу, туризм, альпинизм ж-а санитариялык дарылоо), санаторий, эс алуу үйлөрү, пансионат, мейманкана, мотель, туристтик ж-а спорттук базалар курулмакчы. 17 курорттук дарылоо комплексин түзүү белгиленген; алар ири 3 р-нго Түн. (борбору – Чолпоната), Чыгыш (борбору – Каракол), Түш. (борбору – Тамга) бирикмекчи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4