Тескей Ала-Тоо
Тескей Ала-Тоо - Кан-Теңир тоо тоомуна Ашуу-Төр кырка тоосу деген ат менен Сары-Жаздын эң бийик жери Семёнов чокусу (5816 м) аркылуу барып такалат. Ашуу-Төрдүн эн бийик жери 5470 м. Сары-Жаз суусунун жогорку агымында Тескей Ала-Тоонун бийиктиги кескин төмөндөп, 3300—3600 м бийиктиктеги сырттар менен теңелип, Оттук суусунун тушунда кайра кескин көтөрүлүп, батышка карай 354 км ге созулуп жатат. Эң жазы жеринде 40 км ден ашык. Түндүк капталы Ысык-Көлдүн ойдуңун чектеп, Кочкор өрөөнүнө чейин келип бүтөт. Тескей Ала-Тоосунун эң бийик жери Каракол чокусу (5216 м) Каракол суусунун төрүн чектеп турат. Эгерде Ашуу-Төр Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгү деп эсептелинсе Семёнов мөңгүсүнүн оң жагындагы 5470 м бийиктиктеги чоку анын эң бийик жери деп эсептелинет.
Тескей Ала-Тоо түзүлүшү боюнча асимметриялуу: түндүк капталы жазы келип, Ысык-Көл ойдуңуна акырындап төмөндөйт, ал эми түштүк капталы болсо кыска жана кескин төмөндөйт. Тянь-Шандын ортонку тизмегин түзгөн башка кырка тоолордон Кара-Кужур, Кичи-Нарын, Ара-Бел, Кум-Төр, Сары-Чат, Көөлү жана Сары-Жаз өрөөндөрү менен бөлүнгөн. Аталган өрөөндөрдөн түштүктө Тескей Ала-Тоосундай эле кендик боюнча таралган бир канча бийик тоо кыркалары жайгашкан. Эң чыгышында Сары-Жаз, Көөлү кырка тоолору, Ак-Шыйрак тоо түйүнү. Батышка карай биринен кийин экинчиси уланган Жетим-Бел, Жетим, Нура, Капка-Таш, Байдулу, Кара-Жорго деген кыска бирок бийик тоолор жайгашкан. Долон ашуусунан батышта жогоруда аталган тоолордун уландысы Соң-Көл-Тоо, Кызарт, Карагатты тоолору. Сон-Көлдү түштүк жагынан курчаган Молдо-Тоо, Жумгал өрөөнүн түндүк жагынан курчаган Жумгал-Тоо менен Сандык кырка тоолору. Көкө-Мерен өрөөнүнөн батышка Талас Ала-Тоосуна чейин Суусамыр кырка тоосу созулуп жатат. Кетмен-Төбө өрөөнүн Тогуз-Торо өрөөнүнөн бөлгөн Көк-Ирим-Тоо Тянь-Шань системасынын ортоңку тизмегин Фергана тоо кыркасына тутумдаштырган орографиялык объект.