Эксклав ( б.-грек. ἐξ- «-ден» + лат. clavis «ачкыч») - өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнгөн жана бир же бир нече башка мамлекеттер менен курчалган суверендүү эмес аймак. Ошол эле аймак өзү кирген өлкө үчүн эксклав, ал эми кирбеген мамлекет үчүн анклав болуп санаталат. Бирок курамына кирбеген мамлекеттин аймагы менен курчалган. Чыныгы эксклав болуп – өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнүп, бирден ашык мамлекет менен курчалган суверендүү эмес аймак болуп саналат.[1]

С – В өлкөсү үчүн эксклав жана А өлкөсү үчүн анклав
С – В өлкөсүнүн эксклавы, А жана Д өлкөлөрүнүн аймагы менен курчалган жана алар үчүн анклав эмес.

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар эксклав жарым эксклав деп аталат. Деңиз мыйзамына ылайык, жарым эксклавга башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн кирүүсүн тосууга жол берилбейт. Күнүмдүк турмушта жарым эксклав жана жарым анклавдар көбүнчө учурда жөн гана эксклав жана анклав деп аталышат.

Эксклавдардын мисалдары түзөтүү

Эл аралык түзөтүү

Аймактык (регионалдык) түзөтүү

  • Зеленоград, Восточный району, Мачихино - Москванын эксклавдары (Москва облусунун аймагы менен курчалган).
  • Шапочка табигый аймагы[2] — Пермь крайынын аймагындагы Свердлов районунун эксклавы.
  • Псков облусунун аймагынын бир бөлүгү Новгород облусу менен курчалган.
  • Краснолесный айылы Воронеждин эксклавы.
  • Чернигов облусунун аймагындагы Киев облусунун эксклавы - Славутич шаары жана Чернобыль АЭСнын ажыратылуучу чөлкөмүнүн бир бөлүгү.
  • Эстониянын Кохтла-Ярве шаарынынын бир нече эксклавдар бар.

Жарым эксклавдардын мисалдары түзөтүү

Дагы окуңуз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. Винокуров Е. Теория анклавов. — Калининград: Terra Baltica, 2007. — С. 20. — 342 с. — 1000 экз. — ISBN 978-5-98777-015-3
  2. Wikimapia