Юн Сок Ёль
Юн Сок Ёль (кор. 윤석열) — Түштүк Кореянын мамлекеттик жана саясий ишмери.
Юн Сок Ёль кор. 윤석열 | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
10-май 2022-жыл — 14-декабрь 2024-жыл | ||||
Өкмөт башчысы: | Ким Бу Гём (2022) Хан Доксу (2022) | |||
Андан мурунку: | Мун Чжэ Ин | |||
Андан кийинки: | Хан Док Су (м.а.) | |||
| ||||
25-июль 2019-жыл — 4-март 2021-жыл | ||||
Президент: | Мун Чжэ Ин | |||
Андан мурунку: | Мун Му Иль | |||
Андан кийинки: | Чо Нам Кван | |||
Дини: | католицизм | |||
Туулган жылы: | 18 -декабрь 1960 (64 жаш) | |||
Туулган жери: | Сеул | |||
Атасы: | Юн Гижун | |||
Жубайы: | Ким Кон Хи (кор. 김건희) | |||
Партиясы: | «Эл күчү» | |||
Билими: | Сеул университети | |||
Кесиби: | юрист | |||
Ишмердүүлүгү: | саясатчы | |||
Сайты: | https://yoonlove.com | |||
Аскердик кызматы | ||||
Наамы: | аскердик кызматтан бошотулган | |||
Автограф: | ||||
2022-жылдын 14-майында Корея Республикасынын президенти болуп шайланган. 2024-жылдын 14-декабрында импичмент жарыялоонун натыйжасында кызматынан четтетилген.
Президенттик кызматына чейин прокурор болуп эмгектенген жана 2019-жылдын 25-июлунан 2021-жылдын 4-мартына чейин Корея Республикасынын Башкы прокурорунун кызматында иштеген. 2022-жылдагы президенттик шайлоодо «Эл күчү» партиясынын талапкери болуп жеңишке жетишкен.
Өмүр баяны
түзөтүүЮн Сок Ёль 1960-жылдын 18-декабрында Сеулдун Содэмунгу районунун Ёнхуи-дон коңшулугунда төрөлгөн[1].
Атасы Юн Гижун (1931—2023) — педагог, Ёнсе жана Хитоцубаси университеттеринде билим алган, кийинчерээк Кореянын статистикалык коомун негиздеген, Корея Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү болгон[2].
Апасы Каннын шаарында төрөлгөн жана турмушка чыгып, кызматтан кеткенге чейин Ихва кыз-келиндер университетинде сабак берген.
Чхунгам орто мектебинде жана Сеул улуттук университетинде укук багыты боюнча билим алган[3]. Кванжу көтөрүлүшүнөн көп өтпөй Юн Сок Ёль жана анын чогуу иштешкендери республиканын президенти Чон Ду Хванга өлүм жазасын талап кылышкан инсценировкаланган сот отурумун жүргүзүп, бул соттон кийин Канвондо провинциясына качып кеткен[4].
1982-жылы анизометропия оорусунан улам милдеттүү аскер кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Юн Сок Ёль бул оорудан улам айдоочулук күбөлүк ала албай турганын айткан[5].
Юн Сок Ёль университетте 4-курста окуган мезгилде адвокат лицензиясын алуу үчүн сынактын биринчи бөлүгүн тапшырган, бирок экинчи сынактан кулап калган. Кийинки тогуз жыл бою бир нече жолу тапшырган сынактары ийгиликсиз аяктаган. Анын ийгиликсиз аракеттеринин себептери так белгилүү эмес, бирок негизги себеби деп президентке каршы жүргүзгөн инсценировкаланган сот процесси деген божомолдоолор бар. Акыры, 1991-жылы адвокаттык сертификациядан ийгиликтүү өткөн[6].
Юн Сок Ёль жумуш жолун 1994-жылы Тэгу прокуратурасында, коррупцияга байланыштуу иштерди иликтеген атайын башкармалыкты жана борбордук тергөө башкармалыгын жетектеген. 1999-жылы президент Ким Дэ Чжундун өкмөтүнүн кээ бир мүчөлөрүнүн каршылыгына карабай, комиссардын жардамчысы Пак Хи Вонду коррупцияга аралашы бар деп айыптап камакка алган[7].
2002-жылдын январында Bae, Kim & Lee уюмунуда кыска убакытта юрист болуп иштеген жана бул жумуштан кетип кайрадан прокурор болуп иштей баштаган. Прокурор болуп иштеп баштагандан кийин, ал президент Но Му Хёнанын тарапкерлери Ан Хи Жонду жана Кан Гым Вонду жоопкерчиликке тарткан. 2006-жылы Hyundai Motor Company компаниясы тарабынан пара берүү ишине катышы бар деп Чон Монгу кармаган.
2008-жылы президент Ли Мён Бак менен байланышкан BBKнын акцияларынын баасын манипуляциялоо окуясын иликтеген көз карандысыз юридикалык кеңешчилер тобунда иштеген.
2013-жылы Юн Сок Ёль 2012-жылы коомдук пикирди манипуляциялоо чатагына Улуттук чалгындоо агенттигинин катыштыгын иликтеген атайын тергөө тобун жетектеген. Улуттук чалгындоо агенттигинин мурунку жетекчиси Вон Сей Хунду шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн сот жообуна таркан жана юстиция министри Хван Кё Анды анын иликтөө иштерине кийгилишип жана басым жазап жатат деп айыптаган. Бул ишти иликтөөнүн натыйжасында Юн Сок Ёль кызматынан төмөндөтүлүп, Сеулдун прокуратурасынан Тэгу жана Тэжон прокуратурасына которулган[8].
Кийинчерээк Samsung компаниясынын вице-төрагасы жана ошол убактагы Корея Республикасынын президенти Пак Кын Хе катышкан чатактын үстүндө иш алып барган. 2016-жылдын декабрында бул иштин жыйынтыгында Корея Республикасынын президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланган[9][10].
Юн Сок Ёлду 2017-жылы 19-майда жаңы шайланган президент Мун Чжэ Ин Сеулдун борбордук райондук прокуратурасынын башчысы кылып дайындаган.
2019-жылы 17-июнда Юн Сок Ёль башкы прокурор болуп дайындалган[11][12][13].
2021-жылы 4-марта Юн Сок Ёль кызматтан кеткен, анын отставкасын президент Мун Чжэ Ин кабыл алган[14][15][16].
2021-жылдын 29-июнунда расмий түрдө 2022-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн. 2021-жылдын 12-июлда улуттук шайлоо комиссиясында көз карандысыз талапкер катары катталган. 2021-жылдын 30-июлда расмий түрдө консервативдүү «Эл күчү» партиясына кошулган[17][18][19][20].
2021-жылы 5-ноябрда 2022-жылдагы президенттик шайлоого расмий түрдө «Эл күчү» партиясынын атынан талапкерлигин көрсөткөн.
2022-жылы 10-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 Корея Республикасынын Президенти кызматына расмий аткара баштаган[21].
2024-жылдын 3-декабрында парламент менен болгон чыр-чатакка байланыштуу согуштук абалды жарыялаган. Бирок, парламент аны жокко чыгаруу үчүн добуш бергенден кийин президент өзүнүн жарлыгын артка чакыртып алууга аргасыз болгон[22][23][24].
2024-жылы 14-декабрда импичмент жарыялоонун натыйжасында кызматтан четтетилди[25][26].
Жеке жашоосу
түзөтүүЖубайы Ким Кон Хи менен 2012-жылы баш кошушкан. Балдары жок.
Сыйлыктары
түзөтүү- «Мугунхва» ордени ( Корея Республикасы)
- «Мамлекетти түптөөдө сиңирген эмгеги үчүн» ордени ( Корея Республикасы)
- «Ак бүркүт» ордени ( Польша)
- «Ардактуу легион» ордени ( Франция)
- «Италия Республикасына сиңирген эмгеги үчүн» ордени ( Италия)
- «Бани» ардактуу ордени ( Улуу Британия)
- «Нидерланд» арстаны ордени ( Нидерланд)
- «Румыниянын Жылдызы» ордени ( Румыния)
Булактар
түзөтүү- ↑ 윤석열 검찰총장 후보자는? “강직한 성품 원리원칙주의자”
- ↑ 윤석렬 대전고검 검사… 소영웅주의자인가, 검찰의 자존심인가
- ↑ 윤석열이 전라도라고?
- ↑ 검찰총장 직행 윤석열은 누구?…대학때 전두환에 사형구형
- ↑ 윤석열 '부동시' 군면제·아내 예금 50억, 청문회 쟁점 되나
- ↑ [프로필] '강골 검사'의 컴백… 윤석열 서울중앙지검장
- ↑ [치안감 영장 '수사권 독립' 겹쳐 파문] [출처:중앙일보]
- ↑ South Korea's maverick prosecutor takes aim at heart of Samsung
- ↑ [Kim Myong-sik] Defender of justice or enforcer for power?
- ↑ Pulling out a Sword Against Deep-Rooted Irregularities: Surprise Nomination of Yoon Seok-yeol
- ↑ 文, 윤석열 검찰총장 임명…"살아있는 권력에도 엄정하게"(종합)
- ↑ 文대통령, 윤석열 검찰총장 임명… 청문보고서 없이 16번째
- ↑ 한국당·바른미래 "채택 거부" vs 정의당 "유보" vs 평화당 "적격"
- ↑ Justice minister orders suspension of top prosecutor from duty amid feud over reforms, investigations
- ↑ South Korea's Moon wants to punish 'almighty' prosecutor over unapproved probes into officials
- ↑ Top Prosecutor Resigns to Protest Taking Away Investigative Power from Prosecution
- ↑ 윤석열, 차기 대통령감 반열에…PK서 홍준표와 공동 4위 [한국갤럽]
- ↑ [대권주자 지지율] 윤석열, 1%로 대권주자 반열에 올랐다… 이낙연 24%, 황교안 9%, 안철수 4%
- ↑ Chief prosecutor tops poll of presidential hopefuls
- ↑ Yoon Seok-youl signs on with opposition PPP
- ↑ Prosecutor Who Took Down President Now Running South Korea
- ↑ Түштүк Кореянын Коргоо министрлигиндеги 3 кызматкер президент киргизген аскердик абалды колдогону үчүн жумуштан алынды
- ↑ Түштүк Кореянын президентине тергөө учурунда мамлекеттен чыгууга тыюу салынды
- ↑ Түштүк Кореянын президентинин кеңсесинде тинтүү жүрдү
- ↑ Президенту Южной Кореи объявлен импичмент
- ↑ Лидер правящей партии Южной Кореи поддержал приостановку полномочий президента