Өтмөк ашуусу Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө. Түштүк жана Түндүк Өтмөк өрөөндөрүнүн жабык төрлөрүнүн ортосундагы байыркы түздүктүн калдыктарынын үстүндөгү бел. Бийиктиги 3330 м. Суусамыр өрөөнүнөн 500 м, Жогорку Талас ойдуңунан 1100 м көтөрүңкү жатат. Ашуунун түндүк капталы тик.

Рельефи татаал Үч-Кошой суусунан баштап, 20 км аралыкка жол байыркы мөңгү таштардын калдыктарын аралап бир нече чукул бурулуштар менен көтөрүлөт. Ашуудан өткөн соң 10 км жол терең тилмеленген байыркы мөңгүнүн жантайыңкы тайпак өрөөнүнө өтөт. Негизинен каледондун гранит тектеринен түзүлгөн. Төрлөрдө азыркы касаба мөңгүлөр жокко эсе. Ашуу Талас облусун Чүй, Нарын, Жалал-Абад облустары менен байланыштырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү