.ag
.ag — Антигуа жана Барбуда үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
.ag | |
Ишке кириши |
1991-жылы |
---|---|
Тип | |
Макамы |
колдонууда |
Каттоочу уюм |
NicAg |
Уюштуруучу |
жок |
Максаты |
Антигуа жана Барбуда менен байланышкан объекттер |
Колдонулушу |
.ag домени акционердик коом деген сөздөрдүн кыскартмасына окшош болгондуктан кеңири колдонулган. Бирок, сот чечиминин негизинде .ag домендик аталышын Германияда колдонуу чектелген. |
Каттоодо болгон жолтоолор |
жок |
Түзүмү |
экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер |
Каттоо шарттары (англ.) |
Талаш-тартыштарды чечүү | |
DNSSEC |
бар |
Сайт | |
Whois-сервер |
whois.nic.ag |
Экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталышты каттоо жеке жана юридикалык жактар, Антигуа жана Барбуда резиденттери жана резидент эместери үчүн келтирилген домендик аймактарда жеткиликтүү: .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org.ag, .edu.ag, .gov. ag.
Бул домендик аталыш Антигуа жана Барбуданы мамлекет катары көрсөтө алат. Германия, Австрия, Швейцариядагы айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын, тоо-кен казып алуу, жана кайра иштетүү ж.б. уюмдардын менчиктик түрлөрүн көрсөтүү үчүн колдонулат (Ag — күмүштүн химиялык белгиси болуп саналат).
Бул домендин экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги аталыштарын юридикалык жана жеке жактар каттоо мүмкүнчүлүгү ээ. Nic AG компаниясы тарабынан башкарылат[1].
Домендик аталыштар боюнча талаш-тартыштар келип чыкканда ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) тарабынан кабыл алынган эрежелер менен жөнгө салынат[2].
AG — улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Антигуа жана Барбуданын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2: AG)[3].
Талаптар
түзөтүү- Сепараторлор менен бөлүнгөн домендик аталыштардын узундугу, биринчи жана экинчи деңгээлдеги .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org .ag, .edu.ag, .gov.ag домендерин эсепке албаганда — 63 белгиден ашпоого тийиш.
- Домендик аталыштын толук узундугу — 255 белгиден ашпоого тийиш.
- Домендик аталыш латын алфавитинин тамгаларынан (a-z), сандардан (0-9) жана сызыкчалардан (—, -) турушу мүмкүн.
- Домендин алышы сызыкчалардан (—, -) башталбоого тийиш.
- Домендик аталыш биринин артына бири турган эки сызыкчадан турбоого кийиш (- -, — -, - —, — —).
- Домендик аталыш атайын кызматтардын (милиция, өрт өчүрүү кызматы, тез жардам ж.б.) телефон номерлерине жана аталышына айкалыш болбоого тийиш.
- Домендик аталыш азыркы учурда колдонулуп жаткан же келечекте бериле турчу паспорттордун ID номерлерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерлерин, социалдык камсыздандыруу номерлерин ж.б. айкалыштарды камтыбоого тийиш.
- Домендин аталышы бир сандан же бир тамгадан турбоого тийиш[4].
Резервдеги аталыштар
түзөтүү2007-жылдын 28-майына карата резервге коюлган домендик аталыштардын тизмеси:
- жогорку деңгээлдеги улуттук домендерге дал келген — 245 аталыш;
- тестирлөө жана изилдөөлөр менен байланышкан — 4 аталыш;
- экинчи деңгээлдеги домендер — 5 аталыш;
- субдомендер — 2 аталыш;
- дүйнөнүн бөлүктөрүн, географиялык аталыштарды ж.б. белгилөөчү бир тамгадан же бир сандан турган — 326 аталыш;
- Кандайдыр бир аталыштар же мамлекеттердин аттары менен дал келген — 295 аталыш[5].
Экинчи деңгээлдеги домендер
түзөтүүДомен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.co.ag | коммерциялык уюмдар үчүн |
.com.ag | Коммерциялык уюмдар үчүн |
.nom.ag | |
.net.ag | интернет-провайдерлер, хостинг, сайттарды, колдонмолорду иштеп чыгуучулар, провайдерлер үчүн |
.org.ag | коммерциялык эмес уюмдар үчүн |
.edu.ag | Антигуа жана Барбудадагы билим берүү мекемелери үчүн гана |
.gov.ag | мамлекеттик органдар үчүн |
Башка шарттар
түзөтүүДомендик аталыштарды каттоо баасы:
- үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― 50 АКШ доллары;
- экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― 75 АКШ доллары;
- үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ― 100 АКШ доллары;
- экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ―150 АКШ доллары;
- домендерге негизделген үчүнчү деңгээлдеги домендер (.org.ag, .edu.ag, .gov.ag) Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн акысыз[6].
Булактар
түзөтүүТышкы шилтемелер
түзөтүү- IANA сайтындагы .ag доменин whois маалыматтары Archived 2006-11-13 at the Wayback Machine