22-февраль
дата
22-февраль — Григорий календары боюнча 53-күнү, жылдын аягына чейин 312 (толук жылда 365) күн бар.
← февраль → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | ||||
4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 |
25 | 26 | 27 | 28 | 29 | ||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:22-Февраль майрамдары
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- Эл аралык кылмыштын курмандыктарын колдоо күнү
- Египет — Биримдик күнү.
- Индия — Энелер күнү.
- Катар — Эмир тактысына кошулуу күнү — Катар.
- Кыргызстан — Жерге жайгаштыруу жумушчуларынын геодезиялык жана картографиялык күнү.
- Мексика — Улуттук эмгекчилер күнү.
- Моңголстан — Субаатара күнү.
- Сент-Люсия — Эгемендүүлүк күнү.
- АКШ — Жорж Вашингтондун туулган күнү.
- БАР — Президенттин туулган күнү.
- Жапония — Мышыктар күнү[1].
Окуялар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:22-Февраль окуялары
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1981 жылы Күрп-Сай ГЭСи иштей баштаган
- 2003 жылы Инсан өнүгүүсү, коомдук аракет жана жакырчылыкты жоюуга арналган форум Бишкек шаарында өткөрүлгөн.
- 2005 жылы Ысык-Көл областында шайлоо боюнча нааразычылык акциялары өткөн.
- 2005 жылы №71-шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Садыр Жапаровдун эки миң чамалуу жактоочусу Түп-Каракол, Каракол-Бишкек автожолун тосулган.
- 2005 жылы Кочкор райондук соту тарабынан Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине нааразы болгон он миң чамалуу адам Кочкор-Бишкек жолун тосушкан.
- 1828 жылы Орусия менен Персия Туркманчай тынчтык келишимине кол койгон.
- 1862 жылы Америкалык аскердик жана саясий ишмер Жефферсон Дэвис Конфедеративдүү штаттарынын президенти кызматына киришкен. Ал аталган штаттардын биринчи жана жалгыз президенти болгон
- 1921 жылы СССРдин Мамлекеттик пландоо комитети уюштурулган.
- 1966 жылы Түнкү саат бир жарымда "Космос-110" спутниги Ветерок жана Уголёк иттери менен учурулган. Ал эми ошол эле жылдын 17-мартында кайра жерге конгон
- 2010 жылы Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган" деген шек менен армияда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскер кызматкерлери камакка алынган. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак. Мындан улам исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясы ортосунда тирешүү курчуган
- 2011 жылы Жаңы Зеландиянын Кентербери аймагында саат 13:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, 185 киши каза болгон
Төрөлгөндөр
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:22-Февраль күнү төрөлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1732 жылы АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон туулган.
- 1857 жылы Немис физиги Генрих Рудольф Герц төрөлгөн.
- 1908 жылы Венесуэланын эки жолку президенти Ромуло Бетанкур туулган.
- 1969 жылы Испаниялык актёр, бийчи Хоакин Кортес төрөлгөн.
- 1974 жылы Англиялык ырчы Жеймс Блант туулган.
- 1975 жылы Орусиялык актриса Ольга Будина төрөлгөн.
- 1975 жылы Голливуд актрисасы Дрю Бэрримор төрөлгөн.
Каза болгондор
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:22-Февраль күнү өлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1941 жылы Канадалык физиолог Фредерик Бантинг каза болгон.
- 2012 жылы СССРдин Эл артисти театр жана кино актрисасы Людмила Касаткина каза болгон.