4 Январь (Үчтүн айы)
(«4-январь» барагынан багытталды)
4-январь — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 4-күнү, жылдын аягына чейин 361 (толук жылда 365) күн бар.
← январь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 | 31 | ||||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүүУлуттук
түзөтүү- Мьянма — Эгемендүүлүк күнү
Окуялар
түзөтүү- 1864 — Кокон хандыгында кыпчактардын таасири күчөп бараткандыгына тынчсызданган Сибирь корпусунун командири аскер министрине билдирүү жолдогон.
- 1911 — Кемин өрөөнүндө катуу жер титирөө болгон.
- 1917 — кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө каршы күрөшкөн 6-ыктыярдуу корпустун штаб башчысы генерал Куропаткинге кат жөнөткөн.
- 1923 — Владимир Лениндин "Съездге кат" аттуу эмгеги соңуна чыккан.
- 1943 — америкалык "Тайм" журналы Иосиф Сталинди "Жылдын адамы" деп тапкан.
- 1980 — АКШнын президенти Жимми Картер советтик аскерлердин Ооганстанга киришине шылтап, Москва шаарында өтчү Жайкы олимпиадалык оюндарга бойкот жарыялаган.
- 1985 — Лондон шаарындагы төрөтканалардын биринде дүйнөдө алгачкы суррогат эненин кызы туулган.
- 2004
- "Розалар революциясынын" жыйынтыгында Грузиянын президенти болуп Михаил Саакашвили шайланган.
- Марс планетасына “Спирит” деген Марста жүрүүчү аппарат конгон.
- 2010 — Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик "Бурж-Халифа" имаратынын ачылыш аземи болуп өткөн.
- 2016 — Сауд Арабиясы, Бахрейн жана Судан мамлекеттери Иран менен болгон дипломатиялык мамилелерин үзгөн.
Төрөлгөндөр
түзөтүү- 1643 — Исаак Ньютон, англиялык физик, астроном, математик.
- 1809 — Луи Брайль, француз окутуучусу.
- 1963 — Тилль Линдеманн, немис ырчысы, "Rammstein" тобунун дээрлик бардык тексттеринин автору, вокалисти
- 1975 — Элмира Кайып кызы, кыргызстандык ырчы.
Каза болгондор
түзөтүү- 1942 — Тоголок Молдо, кыргыз жазма акыны, белгилүү тамсилчи.