Embraer E-Jet
Embraer E-Jet — эки экипаждуу, орто жана узун аралыктарга багытталган жүргүнчү учактарынын үлгүсү. Бразилиялык Embraer компаниясы тарабынан өндүрүлгөн. Бул үлгүгө төмөнкү төрт модификация кирет: E-170, E-175, E-190 жана E-195. E-Jet учагы биринчи жолу 1999-жылы Ле-Бурже эл аралык авиашоусунда таанытылган. Сериялык өндүрүш 2002-жылы башталган.
E-Jet | |
---|---|
Казакстан Актау шаарында кыйраган Азербайжан аба жолдорунyн Баку-Грозный багытындагы учак | |
Өндүрүүчү | Бразилия Embraer |
Биринчи учуу | 19-февраль 2002 |
Колдонула башталышы | 17-март 2004 (LOT) |
Статус | Пайдаланууда |
Негизги колдонуучулар | АКШ Republic Airways (218) АКШ SkyWest Airlines (216) Envoy Air (111) Mesa Airlines (80) Орусия S7 Airlines (17) Азербайжан Azerbaijan Airlines (7) |
Чыгаруу жылдары | 2001 — азыркыга чейин |
Чыгарылган бирдиги | 1671 (2022-жылдын 30-сентябрына чейин, E-Jet E2 сериясын кошкондо)[1]. |
Бирдиктин баасы | $28,5 — 40 млн (2010) |
2013-жылы Ле-Бурже авиашоусунда Embraer компаниясы жүргүнчү учактарынын экинчи мууну болгон E-Jets E2 программасын ишке киргизүүнү расмий түрдө жарыялаган. Бул жаңы үлгүгө төмөнкү учактарды кирет: E175-E2, E190-E2 жана E195-E2. Биринчи E190-E2 учагын колдонууга берүү 2018-жылдын биринчи жарымына, E195-E2 учагын — 2019-жылга, ал эми E175-E2 учагын — 2020-жылга пландалган[2].
2014-жылдын октябрь айында Embraer компаниясынын коммерциялык директору Жон Слеттери E-Jet учактарынын жүк ташуучу үлгүсүн түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирген. Ал бул долбоор авиакомпаниялар тарабынан суроо-талап болгон учурда гана ишке ашырыларын белгилеген[3].
Учуу-техникалык өзгөчөлүктөрү
түзөтүүE-170 | E-175 | E-190 | E-195 | |
---|---|---|---|---|
Экипаж | 2 | |||
Жеткиликтүү пассажирлердин саны | 66-78 | 78-88 | 98-114 | 108-124 |
Узундугу, м | 29,90 | 31,68 | 36,24 | 38,65 |
Канатынын узундугу, м | 26 | 28,72 | ||
Бийиктиги, м | 9,67 | 10,28 | ||
Учактын бош массасы, кг | 21 137 | 21 157 | 28 080 | 28 970 |
Максималдуу учуу салмагы, кг | 37 200 | 38 600 | 51 800 | 52 290 |
Күч берүү системасы | 2× ТРДД GE CF34-8Е | 2× ТРДД GE CF34-10Е | ||
Бир сааттык отун сарптоосу, кг/c | 1500 | 1850[4] | ||
Максималдуу ылдамдыгы, км/ч | 890 | |||
Максималдуу аралыгы, км | 3900 | 4260 | 3350 | |
Иштөө бийиктиги, м | 12 500 |
Буюртмалар жана аткарылган иштер
түзөтүү2021-жылдын 31-декабрына карата Embraer компаниясы E-Jet үлгүсүнүн 1621 учагын жана жаңы муундагы E-Jet E2 үлгүсүнүн 50 учагын жеткирген.
Учурдагы жалпы буюртмалардын жана аткарылган иштердин маалыматтары төмөнкү таблицада берилген:
Үлгү | Сүрөт | Туруктуу буюртмалар | Аткарылган буюртмалар | Аткарылбаган буюртмалар |
---|---|---|---|---|
E-170 | 191 | 191 | - | |
E-175 | 840 | 693 | 147 | |
E-190 | 568 | 565 | 3 | |
E-195 | 172 | 172 | - | |
E-190 E2 | 22 | 17 | 5 | |
E-195 E2 | 203 | 33 | 170 | |
Жалпы | 1996 | 1671 | 325 |
Булак: Буюртмалар жана аткарылган иштер 2021-жылдын 31-декабрына карата маалымат [5]
Авариялар жана кырсыктар
түзөтүүAviation Safety Network сайтынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 10-январына карата Embraer E-Jet учактарынын катышуусунда 7 учак толугу менен жабыркаган. Мындан тышкары, бир жолу уурдоо аракети болгон, анын натыйжасында эки адам каза тапкан. Жалпысынан бул кырсыктарда 79 адамдын өмүрү кыйылган.
Күн | Борттук номери | Окуя болгон жер | Жабыркагандар | Кыскача маалымат |
---|---|---|---|---|
18.02.2007 | АКШ N862RW | АКШ Кливленд | 0/75 | Конгон соң учуу тилкесинен чыгып, аэропорттун тосмосун талкалаган. |
17.07.2007 | Колумбия HK-4455 | Колумбия Санта-Марта | 0/59 | Конуу учурунда учуу тилкесинен четтеп, аңга түшүп кеткен. |
Катастрофа E-190 Ичунь шаарында | Кытай B-3130 | Кытай Ичунь (Хэйлунцзян) | 44/96 | Экипаждын катачылыгы менен тумандуу түндө конуу учурунда учуу тилкесинен чыгып кеткен. |
16.09.2011 | Эквадор HC-CEZ | Эквадор Кито | 0/103 | учуу тилкесинен чыгып кеткен. |
Кытайдагы уурдоо аракети | Кытай B-3171 | Кытай Хотан | 2/101 | Уйгур террористтери тарабынан угурдоо аракети жасалган. |
Катастрофа E-190 Бвабватада | Мозамбик C9-EMC | Намибия Бвабвата (улуттук парк) | 33/33 | Учкучтун өз жанын кыюу максатында автопилотту төмөндөөгө орнотуп, кыймылдаткычтардын кубаттуулугун азайтканы аныкталган. |
28.04.2016 | Эквадор HC-COX | Эквадор Куэнка (Эквадор) | 0/93 | Учуу тилкесинен катуу ылдамдыкта конуу учурунда четке чыгып кеткен. |
Виктория-де-Дурангодогу авария | Мексика XA-GAL | Мексика Виктория-де-Дуранго | 0/103 | Учуп чыгуу учурунда кырсыкка учураган. |
Лиссабондогу E-190 окуясы | Казакстан P4-KCJ | Португалия Лиссабон | 0/6 | Техникалык тейлөөдө кеткен катадан учкуч учакты башкара албай калган. Конууда фюзеляжга олуттуу зыян келтирилген. |
12.05.2019 | Мьянма XY-AGQ | Мьянма Мандалай | 0/89 | Алдыңкы шассинин чыгуу системасы иштебей, авариялык конуу болгон. |
18.02.2024 | Дания OY-GDC | Сербия Белград | 0/106 | Учуп чыгууда учуу тилкесинен чыгып, багыттоо системасынын антенналары менен кагылышкан. Сол тарабына олуттуу зыян келтирилген. |
25.12.2024 | Азербайжан 4K-AZ65 | Казакстан Актау | 38/67 | Иликтөө иштери уланууда. |
Шилтемелер
түзөтүүE-Jet Embraer сайтында (англ.)
- ↑ Orders & Deliveries. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 3 -август (баш оона) 2021.
- ↑ Embraer компаниясы E-Jets учактар үлгүсүнүн экинчи муунун түзүү программасын ишке киргизгенин расмий түрдө жарыялады(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Embraer компаниясы E-Jet учактарын жүк ташуучу учактарга айландырууну сунуштады (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (6 -октябрь (тогуздун айы) 2014).
- ↑ Finnair(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Deliveries and Backlog Release(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2021.