«Быйылкы жазда АЛАР жок» акциясы

«Быйылкы жазда АЛАР жок» – мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качылган кыздардын арасындагы өз жанын кыйган учурлар боюнча чечим кабыл алган жарандардын көңүлүн бурууну көздөгөн жарандык акция . Аталган акция жергиликтүү деңгээлдеги демилгенин мисалы болуп, аялдарды ала качуу жосундарын мыйзамдын чегинде жазалоону күчөтүү максатын көздөгөн "155" улуттук кампаниясынын башталышына түрткү болгон.

Аталган акция жергиликтүү активисттердин демилгеси жана күч-аракеттери менен 2011-жылдын 18-майында Ысык-Көл дубанындагы Каракол шаарында болуп өттү: Аялдардын мыйзам демилгесинин альянсынын мүчөлөрү (www.awli-kg.org) Ысык-Көл дубанында; «Аялдардын колунан баары келет!» тармактарынын мүчөлөрү KyWRAW (www.kywraw.wsc.kg). Аталган акциянын өтүлүшүнө Ысык-Көл шаарындагы мамлекеттик университеттин эки студент кызы өз жанын кыйгандыгы түрткү болгон (бир кыз 2010-жылдын 18-декабрында, экинчи кыз - 2011-жылдын 9-мартында өз жанын кыйышкан). Эки кыздын өзүн өзү өлтүрүүгө ала качуу жосуну себеп болгон. Бул эки кыздын өлүмү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында эч кандай маалымат берилбей, укук коргоо органдарынын жарым жыл бою укмаксан-көрмөксөн болгон позициясы, университетте каза болгон кыздардын аза күтүү сүрөттөрүн илүүгө тыюу салынгандык, акциянын өткөрүлүшүнө каршы чыккан адамдардын болушу аталган акциянын контекстин курчуткан. Коомдо кайчы пикирлер жаралган: биринчи тараптагылар - "эркиндикти сүйгөн кыргыз элинде мындай салт болгон эмес, кыз ала качуу кылмыш" деп эсептеп жатышса, экинчи тараптагылар - "кыз ала качуу" - "кыздар күйөөгө чыккан кадимки эле көрүнүш", "каада-салт", ""отурбай" кетип калышса, кыздар өз ата-энелерин жана болочок күйөөсү боло турган жигиттин ата-энесин кайгыга салып жаманатты болушат" деген көз-карашты карманышат.

Акция биринчи кырсык болгондон жарым жыл өткөндөн кийин уюштурулуп, зомбулуктан жабыр тарткандарды эскерүү күнү болду. Жарандык акциянын пресс-релизинин прологу: «Гүлдөр аңкып, студенттер экзамендерге даярданып жүргөн жаз мезгили... Андан соң алар жайкы каникулга кетишип, жайдан кийин үлпүлдөгөн аппак көйнөктөрүн кийип, көпчүлүктү суктандырган жаш колуктулар бактылуу жылмайган үйлөнүү үлпөт тойлору күч алган күз мезгили келет. Бирок быйылкы жазда АЛАР жок» деген аталыш менен акциянын өзгөчө темага арналгандыгын баса белгилейт. Акция башталганга чейин үч күндүн ичинде бүткүл Кыргызстан боюнча 4203 адам, алардын катарында КРнын Президенти Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаттары коомдогу ушундай жосунга каршы чара көрүүгө үндөгөн кайрылууга кол коюшту. Жалпы жонунан акцияда болжол менен 2000 адам катышып, алардын арасында: КРнын ички иштер министринин орун басары, жарандык коомдун уюмдары, коомдук ишкерлер, каза болгон кыздардын туугандары, студенттер болушту.

Окуялардын хронологиясы түзөтүү

  • 2010-жылдын 8-декабры – Ысык-Көл дубанындагы мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 2 кыздын биринчиси өз жанын кыят;
  • 2011-жылдын 9-мартында – Ысык-Көл дубанындагы мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 2 кыздын экинчи өз жанын кыят;
  • 2011-жылдын 18-майында – "Бирок быйылкы жазда АЛАР жок" акциясы өтөт;
  • 2012-жылдын 10-июнунда – Ысык-Көл дубанындагы мамлекеттик университетинде билим алып жаткан дагы бир кыз өз жанын кыят;
  • июнь, 2011-жыл – декабрь, 2012-жыл – жарандык коомдун уюмдарын мобилизациялоо жана КРнын Жазык кодексин өзгөртүү боюнча "155" жалпы улуттук кампаниясына катышуу.

2012-жылдын июнь айында дагы бир кыз ушул эле себептен өз жанын кыйып, бүткүл республика дүрбөлөңгө түштү . Ушул окуядан кийин жарандык активисттер каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө барып жолугушту. Кыздын энесинин айтымында, кызды ала качкан жигит алигиче эркиндикте жүрөт жана өзүн күнөөлүмүн деп эсептебейт. Ал эми жигиттин туугандары кыздын көк беттенип "отурбай" кетип калганына таң калышат. Жарандык активисттер каза болгон кыздын энесинин "Күнөөлүүлөр өз жазасын алабы?" деген суроосуна так жооп бере албай буйдалышты.

2007-жылы КРнын Жазык кодексинин 155-беренесине ("Аялды никеге турууга же никеде бирге жашоону улантууга мажбурлоо же анын эркине каршы никеге киргизүү үчүн ала качып кетүү, ошондой эле аялга никеге турууга тоскоолдук түзүү") жазык саясатын гумандаштыруу максатында өзгөрүү киргизилген. "беш жылга чейин эркинен ажыратуу" санкциясы "үч жылга чейин эркиндиги чектелет" деген сүйлөм менен алмаштырылган. Каза болгон кыздын үй-бүлөсү үчүн күнөөлүүлөрдү жазалаган мыйзамдар жок болгон шарттарда аялдардын кыймылынын активисттери менен кызматташуу чечимин кабыл алуу оңойго турган жок. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жасаган адам, эң көп дегенде, 100-200 эсептик көрсөткүчтө жазапул менен "жазаланмак" же үч жылга чейин эркиндиги чектелмек.

Кампаниянын демилгечилеринин эскерүүлөрүнөн: «Каза болгон кыздын энеси Динара күнөөлүү тарап менен соттошсо, айыл гана эмес, бүтүндөй район анын үй-бүлөсү, өзү жана кызы жөнүндө илгертен бери келе жаткан "салтты" сыйлабай басып кеткен түркөй адамдар деп сөз кыла тургандыгын жакшы түшүнгөн. Ошондой эле учурдагы мыйзамдардын чегинде кызынын өлүмүнө күнөөлүү болгон адам коңшу айылда ээн-эркин басып жүрө берерин да түшүнгөн. "Эгер күнөөлүү өзүнүн татыктуу жазасын албаса, анда жарандык активисттердин жардам бергени кайсы?!" деп таң калып сураган учурлар да болду. Биз кыздын энесине учурдагы Мыйзамды өзгөртүү үчүн баарыбыз биригишибиз керек деген ойду жеткире албай кыйналдык. Биринчиден, чечим кабыл алган адамдарга - белгиленген жаза жасалган кылмыш ишине туура келбейт деп, экинчиден, улан-кыздарга, аксакалдарга, аялдарга, эркектерге кыз ала качуу салт эмес, кылмыш деп түшүндүрүш керек болду". Жогоруда баяндалган окуяны жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырып, ар кандай инстанцияларга кайрылуунун жыйынтыгында КРнын Омбудсменинин буйругу менен шектүү адам кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна камалып, каза болгон кыздын үй-бүлөсү акыйкаттын бар экендигине ишенди.

Ысык-Көл дубанынын Ак-Суу районундагы үчүнчү кыздын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын социалдык адвокат коргоду . 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу сот преценденти социалдык адвокат М.Ч. Шаршембиеванын жана коомчулуктун бирдиктүү иш алып баргандыгын чагылдырды. Натыйжада, мыйзам чыгаруу жаатында мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондугуна карабастан, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 59-беренесинин негизинде КРнын Жазык кодексинин 155-, 102-, 129-беренелери боюнча күнөөлүү 6 жылга эркинен ажыратылды.

Акциянын натыйжасында:
1) жергиликтүү активисттер менен институттардын кыз ала качуу жосундарына каршы бирдиктүү чара көрө алышты;
2) каза болгон кыздардын бирөөсүнүн туугандарынын арызы боюнча жазык иши жигердүү каралды;
3) КРнын Жазык кодексине (155- жана 154-беренелери) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана бүткүл мамлекет боюнча өнөктөштөрдү мобилизациялоого багытталган ар кандай коомдук акциялар камтылган "155" улуттук эдвокаси кампаниясы башталды. Ушул жерден белгилей кетүүчү нерсе, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары жарандык активисттердин жогорудагы өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин биринчи окууда колдобой коюшкан. Экинчи жана үчүнчү окуунун алдында "Мүшөк", "Колуктунун ак гүлү", "Депутатка кат" сыяктуу акциялар, футбол таймаштары, веложарыштары, пресс-конференциялар өткөрүлдү.

Кыргызстандагы жарандык коом жогорку мыйзам чыгаруу органына таасир эте алышы үчүн бир жарым жылдай убакыт талап кылынды. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары КРнын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 2012-жылдын 18-октябрындагы экинчи окууда жана 2012-жылдын 20-декабрындагы үчүнчү окууда кабыл алышты. 2013-жылдын 28-январында КРнын Президенти А.Атамбаев мыйзам долбооруна кол койгондон кийин ал күчүнө кирди.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү