«Кыргызалтын» Ачык Акционердик Коому

«Кыргызалтын» Ачык Акционердик Коому — КРдеги алтын кенин өндүрүүчү ири ишкана. «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни болуп 1992-ж. уюшулуп (1999-жылдын 23-июлунан ААК), анын максаты тоо-кен тармагын бириктирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо жана алтын кендерин өздөштүрүү боюнча сунушталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруу. Ишкана сырьё базасын өнүктүрүү, алтын кендерин комплекстүү өздөштүрүү, өндүрүш потенциалын рационалдуу пайдалануу, техникалык коопсуздукту түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка стратегиялык иш-чараларды жүргүзөт. Коомдун курамында 7 филиалы («Макмалалтын» комбинаты, «Терек-Сай», «Солтон-Сары» кендери, автотранспорт ишканасы, «Аффинаж» заводу, зергерчилик цехи, «Кыргыз деңизи» санаторийи жана башка) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү