«Манастын уулу Семетей» (драма)

«Манастын уулу Семетей» (драма) — эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизинде жазылган эки бөлүмдүү эпикалык-баатырдык драма. Кыргыз драма театры даярдаган. Драманы Ж. Садыков жазып, Ж. Абдыкадыров сахнага койгон. Сүрөтчүсү М. Сыдыкбаев. Музыкасы композитор К. Молдобасановдуку.

Драманын окуясы Семетей баатырдын тегерегинде өтөт. Драма эл-жер үчүн ички, сырткы душмандар менен күрөшүү, лирикалык сүйүү темаларын ичине камтыйт. Семетей өз эли, жери жөнүндө кабарды Каныкейден уккандан кийин Таласка эртерээк жетүүгө умтулат. Ата конушунун керемет кооздугу Семетейдин көзүнө элестейт. Абыке, Көбөш сыяктуу өзүмчүл, кара өзгөй бийлөөчүлөрүнүн кол астында турган эл Семетейди бел кылып эсирген душмандарын жеңет. «Семетей» драмасында кыргыз элинин үрп-адаты, улуттук салты, этнографиялык өзгөчөлүктөрү кеңири көрсөтүлүп, драманын идеялык мазмунун толуктап, улуттук мүнөз берип турат.

Семетейдин образын ачууда артисттер М. Токтобаев, 3. Сооронбаев көп эмгектенген. Семетейдин ой-тилеги кандай болсо да өз элине кошулуу, муңуна муңдаш, тилегине тилектеш, жамандык-жакшылыгына ортоктош болуу. Артисттер Семетейдин образындагы эки ажырым сапатын: салгылашкан мезгилде ал «билеги жоон таш жүрөк» каарданса арстандай күркүрөп, «көзүнөн оту чагылган» алп, жөнөкөй жайчылыктык кезде элпек, сыпайы, адилет азаматтыгын ача алышкан. «Семетей» драмасында (Семетейден тышкары) негизги каармандарды: Каныкей — Б. Кыдыкеева, Ж. Сейдакматова, М. Далбаева; Чыйырды — Д. Күйүкова, Г. Дулатова; Бакай — С. Жаманов; Жакып — С. Далбаев; Бакдөөлөт — С. Балкыбекова, Н. Исмаилова; Абыке — Н. Турсунбаев, Э. Бекболиев; Көбөш — И. Эшимбеков, Т. Дулатов; Сарытаз — К. Досумбаев, А. Жолдошев; Кыргылчал — А. Өмүралиев; Тазбаймат — Н. Кытаев жана башка артисттер ойношот.

«Манастын уулу Семетей» спектаклин жаратуучулардын бир тобу 1986-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын татыктуу болушкан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4