«Азербайжан маршы» (азе. «Azərbaycan marşı») — Азербайжан Республикасынын мамлекеттик гимни, Азербайжандын туусу жана герби сыяктуу башкы мамлекеттик символдорунун бири. Гимндин мелодиясын 1919-жылы азербайжан композитору Үзейир Ажыбеков, сөздөрүн Ахмед Жавад жазган. Азербайжан кайрадан эгемендүү болгондон кийин гимн 27-майда 1992-жылы расмий түрдө бекитилген.

Azərbaycan marşı
Азербайжан маршы
Гимндин сөздөрү жана ноталары
Сөзүнүн автору Ахмед Жавад, 1919
Композитору Үзейир Ажыбеков, 1919
Өлкө  Азербайжан
Катталганы 27-май 1992-жылы

Тарыхы түзөтүү

Азербайжан Демократиялык Республикасынын убагында азербайжан композитору Үзейир Ажыбеков эки марш] жазган. Бул эки марш түрк музыка таануучу Этем Үнгөрдүн 1965-жылы Анкарада жарыяланган «Түрк марштары» (түрк. Türk marşları) аттуу китебинде жарыяланган. Алардын кол жазмасын Түркияга композитордун байкеси Жейхун Ажыбеков жиберген. Бул марштардын бири «Азербайжан улуттук маршы» (азе. «Azərbaycan milli marşı») деп аталат. Бул чыгарма 1919-жылы АДР бийлиги жарыялаган биринчи сыйлыкка ээ болду (бул жөнүндө «Азербайжан» гезитинде 14-ноябрда 1919-жылы айтылган). Бул марштын кол жазмасы композитор Үзейир Ажыбековдун Бакыда үй-музейинде сакталат.

«Азербайжан маршы» (азе. Azərbaycan marşı) деп аталган экинчи марш жөнүндө түрк публицисти мындай маалымат берет: «Ал убактарда, Азербайжан өз эгемендүүлүгүн жогото электе, бул маршты аскер мектептеринде окуу алдында ырдашкан». Кийинчерээк бул марш аранжировкада хор жана композитор Айдын Азимовдун оркестри үчүн Азербайжан Демократиялык Республикасынын мамлекеттик гимни катары кабыл алынган. Бул марш АДР гимни болгондугун Үзейир Ажыбековдун үй-музейиндеги сакталган документтер далилдейт.

27-майда 1992-жылы Азербайжан Республикасынын Милли Межлистин чечими боюнча, музыкасын композитор Үзейир Ажыбеков, сөздөрүн Ахмед Жавад жазган «Азербайжан маршы» Азербайжан Республикасынын мамлекеттик гимни катары кабыл алынган. 2-мартта 1993-жылы Азербайжан Республикасынын Милли Межлистин чечими боюнча Азербайжан Республикасынын гимни бекитилген.

Гимндин сөздөрүн номиналы 5 манатка барабар азербайжан банкнотасында көрсө болот. Алтынданган колодон жасалган гимндин сөздөрү Бакыдагы Мамлекеттик туу аянтында орнотулган. 2011-жылы Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүгүнө 20 жыл болгонуна арналган гимн сөздөрү бар почта маркасы чыгарылган.

Сөздөрү түзөтүү

Азербайжанча

Кыргызча

Azərbaycan! Azərbaycan!
Ey qəhrəman övladın şanlı Vətəni!
Səndən ötrü can verməyə cümlə hazırız!
Səndən ötrü qan tökməyə cümlə qadiriz!
Üçrəngli bayrağınla məsud yaşa!
Üçrəngli bayrağınla məsud yaşa!

Minlərlə can qurban oldu,
Sinən hərbə meydan oldu!
Hüququndan keçən əsgər,
Hərə bir qəhrəman oldu!

Sən olasan gülüstan,
Sənə hər an can qurban!
Sənə min bir məhəbbət
Sinəmdə tutmuş məkan!

Namusunu hifz etməyə,
Bayrağını yüksəltməyə
Cümlə gənclər müştaqdır!
Şanlı Vətən! Şanlı Vətən!
Azərbaycan! Azərbaycan!
Azərbaycan! Azərbaycan!

Азербайжан! Азербайжан!
Эй каарман уулдун шаңдуу мекени!
Сен үчүн жан бермекке баарыбыз азырбыз!
Сен үчүн кан төкмөккө баарыбыз даярбыз!
Үч иреңдүү байрагың менен бактылуу жаша!
Үч иреңдүү байрагың менен бактылуу жаша!

Миңдеген жан курман болду,
Төшүң согуш майдан болду!
Укугунан кечкен аскер,
Ар бири каарман болду!

Сен болосуң гүлстан,
Сага ар дайыма жан курман!
Сага миң бир махабат
Төшүмдө тутмуш мекен!

Намысыны сактамакка,
Байрагыңды көтөрмөккө
Бүт жаштар ашыктыр!
Шаңдуу мекен! Шаңдуу мекен!
Азербайжан! Азербайжан!
Азербайжан! Азербайжан!