Акируно
Акируно (あきる野市 Акируно-си) — Жапониянын Токио префектурасында жайгашкан шаар.
Шаар
Акируно Акируно шаарынын мэриясынын имараты
|
Шаардын аянты — 73,47 км²[1], калкынын саны — 80 177 (1-апрель, 2021)[2][1].
Тарых
түзөтүүАзыркы Акирунонун аймагы байыркы Мусаси провинциясынын бир бөлүгү болгон[3]. 1878-жылдын 22-июлунда аймактык реформадан кийин Канагава префектурасындагы Нишитама районунун бир бөлүгү болуп калган. Нишитама району 1893-жылдын 1-апрелинде Токионун административдик көзөмөлүнө өткөн[3]. Акигава жана Ицукаити шаарлары бириктирилип Акируно шаары түзүлгөн, ал эми 1995-жылы 1-сентябрында Акируно расмий шаар макамын алган[4].
География
түзөтүүАкируно шаары Токионун борборунан болжол менен 40-50 км алыстыкта, Окутама тоолорунун этегинде жайгашкан. Шаардын аймагы аркылуу Ока жана Хирай дарыялары агып өтөт. Шаар чыгыштан батышка карай болжол менен 18 км, түндүктөн түштүккө карай 12,7 км аймакты ээлейт. Фусса, Хамура, Оме, Хатиодзи шаарлары, Хиноде, Окутама жана Хинохара айылдары менен чектешет[5].
Шаар ден соолукка өзгөчө пайдалуу булактары бар Сеото-но-йо курорту менен белгилүү[5].
Ошондой эле Акирунодо ачык асман алдында тамак жасоочу жайлар, велосипед тебүү жана жөө сейилдөө үчүн жолчолор уюштурулгандыгына байланыштуу Жапониянын борбору болгон Токио шаарынан көп сандагы эс алычуулар келип турушат[5].
Климат
түзөтүүАкирунодо нымдуу субтропикалык климат басымдуурак кылып, жайы жылуу жана кышы салкын, карсыз келет. Акирунодогу абанын жылдык орточо температура 13,2 °C[6]. Орточо жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1998 мм. Жылдын сентябрь айы эң жаан-чачындуу ай болуп саналат. Эң жогорку (24,6°C) абанын температурасы август айында, ал эми эң төмөнкү (1,9°C) абанын температурасы январь айында катталган[6]. Кыш айларында шаардын тоого жакын аймактарында кар дээрлик күн сайын жаайт.
Калк
түзөтүүЖапониянын эл каттоо боюнча сатистикалык маалыматтарына ылайык Акирунонун калкынын саны узак убакыттан бери өсүп келе жатат[2].
Калкынын саны | ||
Жыл | Саны | ±% |
1920 | 19 363 | — |
1930 | 21 127 | +9,1% |
1940 | 21 827 | +3,3% |
1950 | 28 162 | +29,0% |
1960 | 29 296 | +4,0% |
1970 | 45 187 | +54,2% |
1980 | 62 810 | +39,0% |
1990 | 71 940 | +14,5% |
2000 | 78 351 | +8,9% |
2010 | 80 868 | +3,2% |
2020 | 79 262 | -2,0% |
Булактар:[2] |
Шаардын символдору
түзөтүү-
Жапон жылкычы чымчыгы
-
Хризантема
-
Жыттуу османтус
Галерея
түзөтүүБулактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Акируно шаарынын расмий сатындагы шаар боюнча маалыматтар
- ↑ 2.0 2.1 2.2 The population of Tokyo Metropolitan Prefecture
- ↑ 3.0 3.1 Акируно шаарынын тарыхы
- ↑ Акируного шаар макамынын берилиши
- ↑ 5.0 5.1 5.2 Акируно шаарынын топографиясы жана жайгашышы
- ↑ 6.0 6.1 Акируно шаарынын айланасында абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын өлчөмү