Алаш-ТооБабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-батыш тармагы. Майлы-Суу жана Шайдан-Сай сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 8 км.

Алаш-Тоо.

Орточо бийиктиги 2700— 3000 м, эң бийик жери 3574 м.
Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска жана тик (40—50°), кокту-колоттуу.

Силур, девон жана карбон мезгилдериндеги чөкмү тек-тердин (спилит, аки таш теги, конгломерат, кумдук, андезит, порфирит жана метаморфизм делген аки таш теги, мрамор) бүктөлүүлөргө дуушарланышынан пайда болгон.

Мисте-бадалдуу талаа жана шалбаалуу талаа (1800—1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу жаңгак токой (2400— 2900 мге чейин), чубалып, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаасы (3000—3100 метрге чейин) андан жогору аз аянтты кар мөңгүлүү ландшафт ээлейт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү