Баткен өрөөнү - Түркстан жана Алайкырка тоолорунун түндүк этектеринде жайгашкан тоо аралык өрөөн.

Баткен өрөөнү.

Жайгашкан жери түзөтүү

Баткен районун аймагында. Түштүктөн түндүккө карай 60 кмге созулат. Туурасы 24 км, таманынын абсолюттук бийиктиги. 900–1500 м. Аянты 270 кмдей. Б. ө. Өлмөс жана Бужум тоолорунун аралыгындагы алкым аркылуу түндүгүнөн Исфара-Лейлек ойдуңуна кошулат. Өрөөндү түштүгүнөн Байтак (бийиктиги - 1829 м), Тешик-Таш (2025 м), Кара-Таш (2038 м), батышынан Баткен (1331 м), Бужум (1377 м). Ак-Өтөк (1490 м), Досталык жана Сүргүнтаңгасы (1388 м), түндүгүнөн Кы-Ңыр-Адыр, Паран (985 м), чыгышынан Ак-Таш тоолору курчайт. Жеринин бети түндүктү көздөй жантайыңкы, бир аз күдүрлүү; тоо этектери кургак сайлар менен тилмеленген. Курчап жаткан тоолор силур жана карбон мезгилдеринин сланец, акиташ теги, кумдук, алевролит, конгломерат, өрөөндүн таманы неоген м-н антропогендин шагыл, конгломерат, кумдук, чопо, кумай ж. б. тектеринен түзүлгөн.

Климаты түзөтүү

Климаты континенттик, жайы узак, кургак, кышы кыска; кар аз түшөт. Июлдун орточо температу расы 25°С, январдыкы —5°С. Жылдык жаан-чачыны 100–300 мм.

Негизги суулары түзөтүү

Чет-Булак, Кара-Булак. Табигый чөл, жарым чөл жана кургак талаа ландшафты адамдын чарбалык таасиринен аябай өзгөргөн (айрыкча түндүк жагында). Боз топурактуу.

Өсүмдүктөрү түзөтүү

Табигый өсүмдүктөрдөн шыбак, баялыш, бетеге ж. б. кездешет. Өрөөндө мал чарбасы, багбанчылык, жүзүмчүлүк, тамекичилик өнүккөн.Гидромелиорация иштери жүргүзүлүүдө. Өрөөндүн эконо-микасында Төрткүл суу сактагычынын мааниси зор.

Адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору".-Б,;2004