Today's featured content

02.jpg

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012» (азе. 2012 Avroviziya Mahnı Müsabiqəsi, англ. Eurovision Song Contest 2012, фр. Concours Eurovision de la chanson 2012) — «Еврокөрүнүүнүн» 57-сынагы, ал Дүсселдорфто өткөн «Еврокөрүнүү 2011» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2012-жылдын 22-майынан 26-майына чейин Азербайжанда өткөн. Азербайжанга жеңишти «Running Scared» деген ыры менен Ell/Nikki дуэти алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 221 упай менен 1-орунду ээлешкен. Эки жарымфиналдардын өткөрүлүүсү 22-май жана 24-майга туш келип, ал эми финалдык шоу 26-майга белгиленген. Өлкөлөрдү жарым финалдарга бөлүштүрүү чучукулагы 25-январда Баку шаарында өтүп. Катышууга 42 мамлекет макулдугун тактаган. 2010-жылдан бери каржы маселесине байланыштуу бул сынакка катышпаган Черногория өлкөсү бул эл аралык иш-чарага кайрадан катышкан. Польшанын жергиликтүү телекомпаниясы башка теледолбоорлорго көбүрөөк кызыкчылыктары бар экендигин айтып, бул сынакка ктышуудан баш тарткан.

2013 жылдын сынактын урааны – «Light your fire» «сөзмө-сөз айтканда "Өз отуңду жандыр» (Толугураак →)

(Бул макала мыкты макалага сунушталган.дагы көбүрөөк маалыматтар керек)

Kurmanjan datka1.jpg

«Курманжан Датка» (англ. Kurmanjan Datka) — "Алай ханышасы" аталган Курманжан Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык драма,режиссеру - Садык Шер-Нияз. Кыргызстандын тарыхындагы эн алгачкы тарыхый тасма

Бул тасма Кыргызстандын эң кымбат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тапшырылган биринчи тасмасы. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Ал фестивалдын «Focus on World Cinema» программасынын конкурстан тышкаркы көрсөтүүсүндө белгилүү маданий портал болгон CULT #MTL басылмасы тарабынан The Best of the World Film Festival 2014 тизмегине кирген. Сатыкка 2014-жылдын 31-август күнү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата чыккан. Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган. Мындан тышкары Орусиялык «Ника» киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. (Толугураак →)


  • Жаңылыктар – Уикипедия жана Уикимедиа фондунун жарыя, жаңылоо, макала жана басма сөз үчүн баяндамалары.
  • Сунуш – Уикипедияны колдонуу тууралуу сунуштар үчүн.
  • Суроо – Уикипедияны колдонуу тууралуу суроолор үчүн.
  • Элчилик / Embassy – For Wikipedia-related communication in languages other than Kyrgyz.

Кыргыз Уикипедиясынын колдонуучуларын жааматтык иш-чараларга катышууга чакырабыз.

Башка тилде окуу