Бейшенбаева Гульниза Джумабековна

Бейшенбаева Гульниза Джумабековнаишкер, саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, Эл аралык “Манас” аэропортунда тартип бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Бейшенбаева Гульниза Джумабековна
Гульниза Бейшенбаева
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты
желек
желек
 
Жарандыгы: Кыргызстан
Туулган жылы: 26 -сентябрь 1982(1982-09-26) (41 жаш)
Туулган жери: Чүй облусу
Билими: Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

Өмүр баяны түзөтүү

Гульниза Бейшенбаева 1982-жылы 26-сентябрда Чүй облусуна караштуу Он бир-Жылга айылында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын эӊ кичүүсү. Эки эжеси, эки агасы бар.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын энеси.

Билими түзөтүү

Гульниза Бейшенбаева 2000-2006-жылдар аралыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Философия жана мамлекеттик кызмат факультетинде окуп,  саясат таануу адистиги боюнча бакалавр жана магистр даражасын алган.

Экинчи жогорку билимин  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жарандык укук факультетинин сырттан окуп, аны 2010-2013-жылдар аралыгында аяктаган.

Үчүнчү жогорку билимин Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын парламентаризм багыты боюнча алган (2013-жылы).

Андан сырткары Россия Федерациясынын президентинин алдындагы кадрдык саясат багыты боюнча Мамлекеттик кызмат академиясынын угуучусу.

Эмгек жолу түзөтүү

Гульниза Бейшенбаева өз ишмердигинде:

- 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында стажер;

- 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын консультанты;

- 2008-2010-жылдары “Ата Мекен” социалисттик партиясынын жооптуу катчысы;

- 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

- 2010-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын январь айына чейин Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;

- 2012-жылдын январь айынан 2012-жылдын июнь айына чейин  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Мекен” социалисттик партиясынан депутат;

- 2012-жылдын июль айынан аталган жылдын ноябрь айына  чейин – Эл аралык “Манас” аэропортунда тартип бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Саясий жана коомдук ишмердүүлүгү түзөтүү

Активдүү жарандык позицияга ээ жана өлкөнүн коомдук турмушуна дайым катышып турат.

2005-жылы “Шайлоо жана демократия” ассоциациясынын атынан Казак Республикасында өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу;

2007-2010-жылдары Гульниза Бейшенбаева бир катар долбоорлордо иш алпарган:

-  Аялдар саясий талкуу клубу;

- “Гендер жана Саясат” БУУнун өнүктүрүү программасы;

- “Жаш саясатчылар мектеби” Улуттук демократиялык институту;

- “Конфликттерди жөнгө салуу лидерлиги” коомдук саясат институту;

- “Аялдарды саясатка катыштыруу” коомдук саясат институту;

- “Демократия жайкы мектеби –2008” БУУнун өнүктүрүү программасы.

Шилтемелер түзөтүү

https://24.kg/archive/ru/parlament/118188-v-parlamente-kyrgyzstana-tri-novyx-deputata.html/ - В парламенте Кыргызстана три новых депутата принесли присягу

https://knews.kg/2012/04/18/beyshenbaeva-gulniza-djumabekovna/ - Бейшенбаева Гульниза Джумабековна

https://24.kg/archive/ru/parlament/130397-deputat-parlamenta-kyrgyzstana-trebuet-chtoby.html/ - Депутат парламента Кыргызстана требует, чтобы сертификаты на использование вет.вакцин выдавало Министерство сельского хозяйства и мелиорации

https://www.vb.kg/doc/178455_ata_meken:_gosydarstvo_ne_doljno_ystanavlivat_cenzyry_na_estrade.html - "Ата Мекен": Государство не должно устанавливать цензуру на эстраде

https://kginform.com/ru/news/20120210/06874.html - Государство не должно брать на себя роль цензора и законодателя мод в искусстве - "Ата-Мекен"

https://iacis.ru/novosti/tavricheskij_dvoretc_1/mejdunarodnyie_nablyudateli_ot_mpa_sng_pribyivshie_v_sankt-peterburg_dlya_provedeniya_monitoringa_vyiborov_posetili_shtabyi_kandidatov_na_post_prezidenta_rossiyskoy_federatsii - Международные наблюдатели от МПА СНГ, прибывшие в Санкт-Петербург для проведения мониторинга выборов, посетили штабы кандидатов на пост Президента Российской Федерации

https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_Election_Ata_Meken/2162624.html - “Ата Мекен” партиясынын тизмеси

https://www.super.kg/article/show/15733 - Бийликте жаштар, 80-жылкылар...