Бешташкороо көрүстөнү жана петроглифтери

Бешташкороо көрүстөнү жана петроглифтери Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Каратоонун этегинде жайгашкан. Байыркы түрк дооруна (6–8-к.) таандык. Аска бетине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа менен аңчылык кылуу көрүнүштөрү кездешет. Ошондой эле жылкы, түлкү, карышкырлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да бар. Коло дооруна таандык көрүстөндөр изилдене элек. Сак-усун доорлоруна тиешелүү көрүстөндөр изилденген. Маркумдун аты менен кошо көмүлгөн салт басымдуулук кылып, көрүстөндөрдөн жоокердин, аялдын, жаш баланын жандарынан жылкынын сөөгү, ооздугу жана токулган ээрлер табылган. Жылкысы жок өзү гана көмүлгөн көрүстөндө-гүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин коюу салты ошол мезгилде калыптанып, 13–14-кылымга чейин уланган. Үзөнгүлөрдүн бир канча түрү табылган. Көрүстөндөрдү 1991–94-ж. К.Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.