Атайбек Бөдөшов — обончу-композитор, комузчу. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2019). Р. Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси (2008).

Атайбек Бөдөшов
Негизги маалымат
Туулган датасы

29 -март 1951(1951-03-29) (73 жаш)

Туулган жери

Кара-Жыгач, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР (Кыргызстан)

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, композитор, обончу

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эл артисти

Өмүр баяны түзөтүү

Бөдөшов Атайбек Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 1951-жылы 29-мартта туулган. Музыкага болгон шыгы эрте ойгонуп, 2-классынан баштап комуз, мандолина, аккордеондо ойноп, өздүк көркөм ийримдерине катышып, алгачкы ийгиликтерге жетишкен жана райондук, облустук кароо-сынактарда баалуу сыйлык, дипломдорго ээ болгон.

Алгачкы обондорун 1960-жылдардан баштап жазып, 1965-жылы К.Курманбаевдин сөзүнө жазылган «Кыргызстаным» аттуу обону алгачкы ийгиликтерди алып келген. Ушул эле ыры 1969-жылы республикалык кароо-сынакта 2-орунду жеңип алган.

1969-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайга келип, аккордеон адистигине кирип, мындан сырткары композитор А. Жаныбековдун композиция классынан таалим алган. 1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1976-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция бөлүмүнө тапшырып, композитор Таштан Эрматовдун классында билим алган. Кесиби – композитор, аккордеончу, оркестрдин дирижеру. Окуу жайды аяктагандан кийин көп жылдар Чүй облусунун райондорунун маданият бөлүмдөрүндө эмгектенген. 40 жылдык чыгармачылык жолунда 200дөн ашык ыр-романстарды, комуз үчүн күүлөрдү жана аспаптык чыгармаларды жараткан.

1986-жылы К. Эралиева менен бирге «Айыл кечи» ноталуу ыр жайнагын чыгарган. Өзүнүн «Өмүрдүн добулбасы» аттуу ноталуу ыр жыйнагы 2001-жылы жарык көргөн.

2007-жылы жубайы К. Эралиева менен бирге чыгарган «Күн балдары» аттуу балдар үчүн ноталуу ыр жыйнагы Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучуларынын музыка сабагында жана класстан тышкаркы ийримдеринде кошумча хрестоматия катары сунушталып, бүгүнкү күндө республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу куралы катары колдонулуп келет.

Бир нече басылмалар чыгарган ноталуу ыр китептерде, Бүткүл Союздук «Мелодия» фирмасы чыгарган грампластинкаларда, компакт-дисктерде А. Бөдөшовдун чыгармалары орун алган. Кыргыз радиосунун Алтын казынасына А. Бөдөшовдун 100гө жакын ыр-күүлөрү кабыл алынган.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамынын ээси;

2008-жылы Р. Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон;

2019-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамына татыды.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

Балдар үчүн чыгармалары түзөтүү
  • «Кыргызстаным» с. К.Курманбаевдики (1965-ж.)
  • «Мөлтүр булак» с. Т.Элемановдуку (1974-ж.)
  • «Бүлдүркөн» с. Ж.Мамытовдуку (1983-ж.)
  • «Санааркаба, апаке» с. Р.Мукашеваныкы (1998-ж.)
  • «Ак калпактуу кыргыз элим» с. К.Мусаевдики (1998-ж.)
  • «Светофор» с. К.Алиевдики (2001-ж.)
  • «Балажан» с. С.Рысбаевдики (2007-ж.)
  • «Аппак кар» с. Б.Чотурованыкы
  • Патриоттук жана лирикалык чыгармалары
  • «Кыштак кечи» с. элдики (1967).
  • «Коштошкондо» с. Ж.Абдылдаевдики (1970)
  • «Кыргыз тоосу» с. Т.Тыныбековдуку (1972)
  • «Кызгалдак» с. Г.Момунованыкы (1973)
  • «Туулган жерди сагындырып» с. Т.Молдобаевдики (1974)
  • «Эңсөө» с. А.Исаевдики (1974)
  • «Арча бешик» с. Б.Абакировдуку (1975)
  • «Таңда» с. К.Курманбаевдики (1975)
  • «Тентек элең» с. Ө.Кулумбаевдики (1976)
  • «Кайдасыңар карлыгачтар» с. И.Исаковдуку (1976)
  • «Айыл кечтери» с. А.Бөдөшовдуку (1977)
  • «Сенде жүргөн өңдөнөт» с. А.Өмүркановдуку (1978)
  • «Курбуларга» с. К.Курманбаевдики (1979)
  • “Бирөө бар” с. А.Чекировдуку (1987)
  • “Эмне үчүн” с. А.Чекировдуку (1988)
  • “Жарым болчу” с. А.Чекировдуку (1988)
  • “Эгер билсең” с. А.Чекировдуку (1989)
  • “Ачык айтчы” с. А.Чекировдуку (1989)“Серенада” с. А.Чекировдуку (1990)
  • “Өзүң бил” с. А.Чекировдуку (1990)
  • “Шабдан баатыр” с. А.Чекировдуку (1999)
  • “Жашоомдун багыты сен” с. А.Чекировдуку (2000)
  • «Каркыра-турна ырлары» с. А.Өмүркановдуку (2002)
  • «Жаштыкка кайрылуу» У.Аджибаевдики (2003)
  • “Бир өзүң” с. А.Чекировдуку (2003)
  • “Кайда кеткен” с. А.Чекировдуку (2003)
  • «Сүйүүнү жүрөк менен сүйүп көргүн» с. К.Оторбаевдики (2008)

Күүлөрү түзөтүү

  • «Бекназар баатырдын арманы» (1991)
  • «Аксы кайрыктары» (1992)
  • «Коңур кербез» (1993)
  • «Бек бол, Кыргызстаным» (1997)
  • «Мезгил закымдары» (1998)
  • «Шаңдуу кербез» (1999)
  • «Аккан суу» (2003)

Дисктери түзөтүү

Эсте калган обондор компакт-диск, 2008, Жашыл арал компакт диск, 2008 (К.Эралиева менен бирге).

Ноталуу китептери түзөтүү

Айыл кечи: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. (К.Эралиева менен бирге). Өмүрдүн добулбасы: Обондуу ырлар – Б.: Басма-тамга, 2001. Күн балдары: Обондуу ырлар. – Б.: Учкун, 2007, 2008. (К.Эралиева менен бирге).

Колдонулган адабияттар түзөтүү