Важиб
Важиб (арабча: واجب) парз сыяктуу такай аткарылышы талап кылынбаган, бирок күчтүү далилдер менен аныкталган иш-аракет жана милдеттер. Мисалы, курмандык чалуу, витир намазын, айт намаздарын окуу жана битир садакасы сыяктуулар. Важиб негизинен парз менен бирдей өкүмдө болот. Башкача айтканда, орундалса соопко, орундалбаса акыретте азапка татыктуу болот. Бирок ишенимдик жагынан алганда, важиб парздан айырмаланат. Важибди моюндабаган адам динден чыкпайт. Бирок диндеги бир буйрукту жокко чыгарганы үчүн чоң күнөөкөр болот. Мисалы, намаздын ичиндеги важибдерден бирөөнү атайлап калтыруу оор каталыкка жатат. Жаңылып калтырса, же кечиктирсе сажда сахва (жаңылыштык саждасы) кылууга туура келет. Ал эми намаздын бир парзын калтырса, намаз бузулат.
Ислам динине байланыштуу макалалар |
Ыйман |
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр |
Ислам негиздери |
Китептери жана мыйзамдары |
Тарых жана ислам өкүлдөрү |
Мухаммед пайгамбар ( |
Мусулман түшүнүктөрү |
Коомдогу орду |
Ислам таануу • Илим |
Кошумча караңыз |
Интернеттеги шилтемелерОңдоо
Важиб Archived 2012-04-21 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|