Данакер ордени
«Данакер» ордени — Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы. 1999-жылы 12-ноябрьда Кыргызстандын Президентинин буйругу менен бекитилген.
«Данакер» ордени | ||
| ||
Өлкө | ||
---|---|---|
Тип | ||
Кимге ыйгарылат |
жарандарга | |
Статус |
ыйгарылат | |
Статистика | ||
Түзүлгөн күн | ||
Биринчи ыйгарылган |
Ордендин статуту
түзөтүү«Данакер» ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.
«Данакер» ордени төштүн сол тарабына, «Курманжан Датка» орденинен кийин тагылат.
Ордендин сүрөттөлүшү
түзөтүү«Данакер» ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.
Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.
Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик «Данакер» жазуусу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.
«Данакер» ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл колодкага бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм жана 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.
Орден менен сыйланган инсандар
түзөтүү«Данакер» ордени менен төмөнкү инсандар сыйланган
- Чолпонбек Базарбаев (2002) — балет артисти, СССР эл артисти (1982)
- Сергей Шойгу (2002) — Орусия Федерациясынын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар министри
- Йо-Йо Ма (2003) — америкалык виолончелист
- Николай Рыжков (2004) — Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин мүчөсү, Орусия товар иштеп чыгаруучулар союзузун президенти
- Борис Патон (2004) — академик, Украинанын Улуттук илимдер академиясынын президенти
- Чынара Жакыпова (2005) — социалдык ишмер, тарыхчы, профессор
- Юрий Лужков (2006) — Орусиянын Москва шаарынын мэри
- Игорь Моисеев (2006) — советтик балетмейстер, СССР эл артисти (1953), Кыргыз ССР эл артисти (1975), Социалисттик Эмгек Баатыры (1976).
- Евгений Дога (2007) — композитор, СССР эл артисти
- Алмазбек Атамбаев (2007) — Кыргызстандын премьер-министри
- Режеп Тайип Эрдоган (2011) — Түркиянын премьер-министри
- Владимир (Иким) (2011) — Ташкенттик жана Ортоазиялык митрополит (1990—2011)
- Ван И (2016) — КЭРдин тышкы иштер министри
- Дмитрий Медведев (2015) — Орусиянын премьер-министри
- Шавкат Мирзиёев (2017) — Өзбекстандын президенти
- Сергей Лавров (2017) — Орусиянын тышкы иштер министри
- Александр Крестинин (2019) — Кыргызстан улуттук футбол курамасынын башкы тренери