Димаш Кудайберген (каз. Димаш Құдайберген), толук аты — Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов (каз. Дінмұхаммед Қанатұлы Құдайберген; 24-май 1994, Актөбө, Казакстан) — казакстандык ырчы, композитор жана мультиинструменталист.

Димаш Кудайберген
каз. Димаш Құдайберген
Файл:Kudaibergen in 2020 (cropped) (49511144297).jpg
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов

Толук ысымы

Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов

Туулган датасы

24 -май 1994(1994-05-24) (29 жаш)

Туулган жери

Актөбө, Актөбө облусу, Казакстан

Өлкө

Казакстан желеги Казакстан

Кесиптери

музыкант, ырчы

Ырчылык үнү

контратенор, тенор

Аспаптары

домбра

Жанрлары

эстрада, опера, фолк

Активдүү жылдары

2015 — азыркы учурда

Сыйлыктары

17 TopCheniseMusic Awards — «Best International Artist»;
24 Top China's Music Awards - «Best Asian Singer»;
Top Global Chinese Music - «Песня года»

http://www.dimashkudaibergen.com

Өмүр баяны түзөтүү

1994—2014: Бала кези жана карьерасынын башталышы түзөтүү

Димаш Кудайберген 1994-жылы 24-майда Актөбө шаарында Казакстан Республикасынын маданият кызматкерлери, таанымал ырчылар Канат Кудайберген уулу менен Светлана Айтбаеванын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Димаштын атасы Канат Айтбаев - облустук филармониянын башчысы, апасы Светлана Айтбаева – облустук кеңештин депутаты. Димаштын чоң ата-энелери да музыка адамдары. Бири домбрада ойносо, экинчисинин ырдыганга жөндөмдүүлүгү чоң. Димаштын Раушан аттуу карындашы, Мансур аттуу иниси бар.

Эң алгач ирет спектакльде ойноо менен тааныла баштаган. Беш жашында музыкалык коллеждин сахнасында алгач ирет ырчы катары ырдап чыккан. Алты жашында «Айланайын» республикалык байкоосунда «Фортепиано» номинациясында жеңүүчү аталган. 2010-жылы «Байконурдун шаңкылдаган үндөрү» эл аралык фестивалынын І байге лауреаты аталган. 2012-жылы «Жаш канат» республикалык жаш ырчылар байкоосунун Гран-при байгесине ээ болгон. 2012-жылы «Чыгыш базары» эл аралык байкоосунда І байге лауреаты аталган. Бир жылдан соң, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» І эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү болгон. 2014-жылы Актөбө шаарында А. Жубанов атындагы музыкалык коллежинде «академиялык ырдоо» факультетин бүтүрүп, Казак улуттук өнөр университетинин «эстрада өнөрү» факультетине тапшырган. Ошол эле жылы 30-декабрьда Казакстандын «Дарын» мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

2015—2016: «Славян базары», эл аралык аткаруулар жана турне түзөтүү

Чыныгы атагы Витебск шаарында XXIV эл аралык эстрадалык ырчылар «Славян базары-2015» байкоосунда Гран-при жеңип алган соң келген. Эки күн ичинде, жаш ырчы 175 упай топтогон. Биринчи күнү ал Константин Меладзенин «Опять метель» ырын, экинчи күнү француз ырчысы Даниэль Балавуан репертуарынан алынган «Sos dun terien un detresse» ырын ырдаган. Кыргызстанда өткөн «Мейкин Азия 2015» фестивалында, Италиянын Милан шаарында өткөн Expo 2015 көргөзмөсүндө конок катары катышкан. 2015-жылы 28-октябрьда Ыстанбулда Димаш Кудайбергенов «Abu TV» эл аралык фестивалында Казакстандын атынан алгач ирет катышкан. 2015-жылы 28-декабрьда «Жылдын адамдары» сыйлыгын тапшыруу аземинде Димашка «Жылдын ырчысы» наамы берилген.

2016-жылы 1-январьда Димаштын алгачкы кичи-альбому жана «Аяз бороон» ырына видеоклип жарыкка чыккан. 22-январьда «Элдин сүймөнчүлүгү» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Эстраданын артисти» наамы тапшырылган. 2016-жылдын март жана апрель айларында Димаш Казак улуттук университетинин симфониялык оркестри менен бирге Австрия, Словения, Сербия мамлкететеринде өткөн турнеге катышып, «SOS d’un terrien en detresse» ырын аткарган. Апрельден декабрьга чейин өзүнүн алгачкы концерттик турнесин өткөзгөн. Турне Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына арналып, өлкөнүн 25 аймагында болуп өткөн 25 концерттен турган. Турдун атын «Унутулбас күн» деп атаган. «Бир нече ай катар «Бала үнү 2016» байкоосунда калыстар тобунун мүчөсү болгон. Октябрь айында Парижде өткөн ЮНЕСКОнун иш-чарасында ырдаган. Ноябрьда Сеулда өткөн түрк элдеринин маданиятынын фестивалында Түштүк Корея, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан президенттеринин алдында ырдап берген. 2016-жылдын аягында Казакстандын президентинин маданият тарабындагы мамлекеттик стипендиясына ээ болгон.

2016-жылда тарта: «Сингер-2017», Кытайдагы жетишкендиги түзөтүү

2016-жылдын аягында Димаш Кудайберген «Хунан ТВ» телеканалындагы «Singer» («Сингер») вокалдык байкоонун бешинчи сезонуна катышкан. Кийин Димаш Бейжиндеги «Black Gold Talent» агенттиги келишим түзгөн. Ал шоунун тарыхындагы эң жаш катышуучу болуп, профессионалдуу кытайлык ырчылар менен жарышкан. Жыйынтыгында Димаш финалга жеткен, бирок Гонконгтун ырчысы Сэнди Лэмден калып калып, экинчи орунга ээ болгон.

«Сингер 2017» — Димаш Кудайберген алган орундар
Тур Раунд Трансляциянын датасы Ырдын аты Алгачкы аткаруучу Ыр жөнүндө маалымат Орун Добуштар пайызы Тиркемелер
1 1-чи тандап алуу 21-январь 2017 «SOS d’un terrien en détresse» (француз тилинде) Даниэль Балавуан Сөзү: Люк Пламондон

Обону: Мишель Бергер

Аранжировка: Куберт Леунг

1 27,00 % 1-чи орун жалпы эсепте
2 1-чи байкоодон кетүүгө 28-январь 2017 «Опера 2» Витас Сөзү: Витас, В.Боровский

Обону: Витас

Аранжировка: Да Ридан

1 24,36 % 1-чи орун жалпы эсепте
3 1-чи жарыш 4-февраль 2017 «The Show Must Go On» (англис тилинде) «Queen» Сөзү: Брайан Мэй

Обону: Queen

Аранжировка Ерлан Бекчурин

3 14,82 % -
4 2-чи байкоодон кетүүгө 11-февраль 2017 «Кеч күз»

(кытай тилинде: 秋意浓)

Жеки Чеунг Сөзү: Дэрил Яо

Обону: Коджи Тамаки

Аранжировка: Самал Ермаханов

3 15,56 % 2-чи орун жалпы эсепте
5 2-чи жарыш 18-февраль 2017 «Uptown Funk» (англис тилинде) Марк Ронсон, Бруно Марс Сөзү/обону: Девон Кристофер, Галласпай, Марк Ронсон, Бруно Марс, Николас Уильямс, Филип Мартин Лоуренс второй, Джефф Баскер

Аранжировка:

Кид

6 11,64 % -
6 3-чү байкоодон кетүүгө 25-февраль 2017 «Adagio» (англис тилинде) Лара Фабиан Сөзү/обону: Томасо Альбинони, Рик Эллисон, Лара Фабиан, Дейв Пикелл

Аранжировка:

Ерлан Бекчурин

1 23,88 % 2-чи орун жалпы эсепте
7 3-чү тандап алуу 4-март 2017 «Дайдидау» (казак тилинде) Неизвестен Сөзү: Магжан Жумабаев Обону: белгисиз

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

3 17,30 % -
8 4-чү байкоодон кетүүгө 11-март 2017 «Рассвет» (кытай тилине: 天亮了) Хан Хонг Слова/обону: Хан Хонг

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

5 9,79 % 5-чи орун жалпы эсепте
9 4-чү жарыш 18-март 2017 «All by Myself» (англис тилинде) Эрик Кармен Сөзү: Эрик Кармен

Обону: Эрик Кармен, Сергей Рахманинов

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

2 17,63 % -
10 5-чи байкоодон кетүүгө 25-март 2017 «Ұмытылмас күн» (казак тилинде) Димаш Кудайберген Сөзү: Канат Айтбаев (каз.)

Обону: Димаш Кудайберген

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

3 16,71 % 1-чи орун жалпы эсепте
Сөзү: Кайша Табараккызы (кит.)

Обону: Димаш Кудайберген

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

11 озуп кетүүгө 1-апрель 2017 Катышкан эмес (биринчи турдан тарта келе жаткан үчүн)
12 полуфинал 8-апрель 2017 «Confessa» (италян тилинде) Адриано Челентано Сөзү: Могол (итал.)

Обону: Джанни Белла

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

2 19,35 % -
Сөзү: Танг Тиан (кит.)

Обону: Джанни Белла

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

«The Diva Dance» Инва Мула-Чако Композитор: Эрик Серра

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

13 финал 15-апрель 2017 попурри «Майкл Жексонго арноо» (англис тилинде) Аранжировка: Ерлан Бекчурин, Чен Ди 2 17,59 % Шанг Венженин (Лауре Шанг) кошумча вокалы

2-чи орун полуфинал жана финалдын жыйынтыгы боюнча («Сингер 2017» байкоосунда экинчи орун)

Добуш берүүнүн бириккен жыйынтыгы 18,47 %

«The Way You Make Me Feel» Майкл Жексон Сөзү/обону:

Майкл Жексон

«Billie Jean» Сөзү/обону:

Майкл Жексон

Билл Боттрелл

Тедди Райли

«Dangerous»
«Earth Song»
14 эки жылдык концерт 2017 22-апрель 2017 «Махаббат бер маған» (казак тилинде) Димаш Кудайберген Сөзү: Мунайдар Балмолда

Обону: Айгуль Бажанова

Аранжировка:

Ерлан Бекчурин

-

Жеке жашоосу түзөтүү

Димаш казак жана орус тилдеринде сүйлөйт, англис тилин жана кытай тилинин мандарин диалектин үйрөнүүдө. Димаш Майкл Жексона, Ермек Серкебаев, Селин Дион, Лара Фабиан жана Лучано Паваротти атту аткаруучулардын музыкалык чыгармачылыктарынын таасиринде экенин билдирген. Ал Казакстанды дүйнөгө ырчы катары таанытарын бир ниче ирет айткан

Сыйлыктары жана жетишкендиктери түзөтүү

Байкоолору
Дата Байкоо Өткөн жери Жыйынтыгы
2000 «Айланайын» балдар байкоосу Актөбө, Казакстан 1-орун «Фортепиано» номинациясында
2010 «Байконурдун шаңкылдаган үндөрү» XV вокалдык байкоосу Байконур, Казакстан 1 байге
20-май 2012 «Жаш Канат» XXI жаш аткаруучулар байкоосу Астана, Казакстан Гран-при
9-сентябрь 2012 «Чыгыш базары» VIII эл аралык байкоосу Ялта, Украина 1 байге
19-июль 2013 «Мейкин Азия» І эл аралык фестивалы Ысык-Көл, Кыргызстан Гран-при
13-июнь 2015 «Славян базары» XXIV эл аралык фетивалы Витебск, Беларусь Гран-при
Январь-апрель 2017 «Сингер 2017» Хунан ТВ Чанша, Китай 2-орун
Сыйлыктары
Дата Салтанат Өткөн жери Сыйлык
30-декабрь 2014 Казакстандын өкмөтүнүн «Дарын» мамлекеттик жаштар сыйлыгы Астана, Казакстан «Эстрада»
28-декабрь 2015 «Жылдын адамдары» Астана, Казакстан «Певец года»
22-январь 2016 «Элдин сүймөнчүлүгү» улуттук сыйлыгы Астана, Казакстан «Артист эстрады»
2-февраль 2016 Казакстан элдеринин Ассамблеясы Астана, Казакстан Ардак грамотасы
30-декабрь 2016 Астана, Казакстан Казакстандын президентинин маданият тарабындагы мамлекеттик стипендиясы
3-март 2017 Казакстандын президентинин фондунун сыйлыгы Астана, Казакстан Лауреат
27-март 2017 ERC Chinese Top Ten Awards 24-чү сезону Шанхай, Кытай «Азиянын эң популярдуу ырчысы» (Most Popular Asian Singer)
9-апрель 2017 Top Chinese Music Awards 17-чи сезону Шэньчжэнь, Гуандун, Кчтай «Эң популярдуу чет элдик артист»
26-апрель 2017 Казакстан элдеринин Ассамблеясынын 25-сессиясы Астана, Казакстан Казакстан президентинин жол акылы
26-май 2017 «ОК!» журналынын гала-кечеси Бейжин, Кытай «Жылдын эң популярдуу ырчысы»
19-июль 2017 «Тенсент МТВ Азия» гала-концерти Гуанчжоу, Кытай «Эң популярдуу чет элдик ырчы»
20-июль 2017 «MTV Global Chinese Music Awards» сыйлыгын тапшыруу аземи Шэньчжэнь, Гуандун, Кытай «Эң мыкты чет элдик ырчы»
9-август 2017 «Chinese Golden Melody Awards» сыйлыгын тапшыруу аземи Гонконг, Кытай «Сүйүктүү ырчы»
27-август 2017 Жаңы Азия ыры фестивалы Бейжин, Кытай «Жылдын мыкты чет элдик чыгармачылык инсаны»
29 ноября 2017 «Awakening Time Fashion» кечки гала-концерт и Бейжин, Кытай «Инновациялык убактын лидери»
2-декабрь 2017 «iQIYI Screaming Night» ар жылдык гала-концерти Бейжин, Кытай «Эң популярдуу ырчы»
21-декабрь 2017 «Beauty Touching» ар жылдык кайрымдуулук гала-концерти Бейжин, Кытай «Эң мыкты эл аралык ырчы»
27-декабрь 2017 «Golden Mango Stars» сыйлыгын тапшыруу аземи «Эң популярдуу ырчы»
18-январь 2018 Вейбо сыйлыгын тапшыруу аземи Бейжин, Кытай «Жылдын жаңы музыкалык күчү»
27-январь 2018 «Global Chinese Golden Chart» сыйлыгын тапшыруу аземи Бейжин, Кытай «Жылдын көрүнүктүү артисти»
1-февраль 2018 «Алак жана Жол» эл аралык жазгы фетивалынын гала-концерти Бейжин, Кытай Кытай менен Казакстандын «Достук элчиси»

Достукка көрүнүктүү салым кошкону үчүн сыйлык

10-февраль 2018 «Global Chinese Music Top 10» сыйлыгын тапшыруу аземи Бейжин, Кытай «Жылдын эң популярдуу ырчысы»
1-декабрь 2018 «Жылдын ыры» концерти Москва, Орусия «Жылдын ыры» диплому

Эл алдында чыгуулары түзөтүү

Солдук концерттери
Дата Аты Өткөн жери
27-июнь 2017 «Бастау» концерти Астана, Казакстан
16-декабрь 2017 «D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концерти Чанша, Кытай
5-январь 2018 «D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концерти Фучжоу, Кытай
19-май 2018 «D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концерти Шеньчжень, Кытай
19-ноябрь 2018 «DQ» концерти Лондон, Англия

Дискографиясы түзөтүү

Альбом
жылы Аталышы Тили Ырлар
2016 Димаш Кудайберген Казак «Еркелейтейiн»

«Көркемім»

«Дайдидау»

«Туған жер»

Синглдары
Жылы Кыргыз тилинде аталышы Нуска тилинде аталышы Тиркмелер
2018 «Өкүнүч» Казакча: «Өкініш» Премьерасы 2018-жылы 19-майда Шеньчженьде «D-Dynasty» концертинде болгон
2018 «Неверленд» Кытайча: 熱鬧星球 «Тирүү планеты» студиялык версиясы
2018 «Кыйкырык» Англисче:«Screaming» Англис тилинде алгачкы ыр
2018 «Кайтадан сүйүп баштайм» Кытайча: 重啟愛情 «Менин идолум» сериалына санудтрек
2017 «Айдай энем» Кытайча: 月亮媽媽 Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017 «Тирүү планета» Кытайча: 熱鬧星球 Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017 «Согуш жана тынчтык» Кытайча: 戰爭與和平 Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017 «Махабат бер мага» Кытайча: 困在愛裡面 «Махабат бер мага» ырынын кытайлык версиясы
2017 «Таажы» Кытайча: 荊棘王冠 «Ким экен» ырынын кытайлык версиясы

«Xiaomi Super GOD MOBA» оюнуна саундтрек

2017 «Убакыт аралык океан» Кытайча: 时光·沧海 Moonlight Blade Online» оюнуна саундтрек
2017 «Алга Пауэр Рейнжерлер» Англисче: «Go Go Power Rangers» «Пауэр рейжерлер» тасмасына саундтрек
2017 «Түбөлүктүү элес» Кытайча: 拿不走的记忆 «Элестер салгылашы» тасмасына саундтрек
2017 «Лейла» Казакча: «Лейла» Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017 «Сөз соңу» Казакча: «Сөз соңы» Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017 «Ким экен» Казакча: «Кім екен» Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017 «Таттуу элес» Казакча: «Тәтті елес» Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017 «Жылдызым» Казакча: «Жұлдызым» Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017 «Салам» Казакча: «Сәлем» Премьерасы «Bastau» концертинин илгерлөөсүндө болгон
2017 «Махабат бер мага» Казакча: «Махаббат бер маған» Премьерасы 2017-жылы 22-апрельда Чаншада «Сингер» конкурсунун гала-концертинде болгон
2016 «Ак тилек» Казакча: «Ақ тілек»
2015 «Ак куум» Казакча: «Аққуым» Майра Мухамед кызы менен дуэтте
2015 «Унутулбас күн» Казакча: «Ұмытылмас күн»
Музыкалык видео
Жылы Кыргыз тилинде аталышы Нуска тилинде аталышы Тиркмелер
2018 «Кыйкырык» Англисче: «Screaming»
2017 «Убакыт аралык океан» Кытайча: 时光·沧海
2017 «Алга Пауэр Рейнжерлер» Англисче: «Go Go Power Rangers»
2017 «Түбөлүктүү элес» Кытайча: 拿不走的记忆
2015 «Аяз бороон» Казакча: «Аяз қырау» «Опять метель» ырынын казакчасы
2014 «Көркөмүм» Казакча: «Көркемім»
2013 «Дайдидау» Казакча: «Дайдидау»
Димаш Кудайберген жазган ырлар
Год Кыргыз тилинде аталышы Нуска тилинде аталышы
2018 «Өкүнүч» Казакча: «Өкініш»
2017 «Согуш жана тынчтык» Кытайча: 戰爭與和平
2017 «Сөз соңу» Казакча: «Сөз соңы»
2017 «Таттуу элес» Казакча: «Тәтті елес»
2017 «Салам» Казакча: «Сәлем»
2015 «Унутулбас күн» Казакча: «Ұмытылмас күн»
2014 «Көркөмүм» Казакча: «Көркемім»

Тасмаграфиясы түзөтүү

Телеберүүлөр
Эфирге чыккан датасы Аталышы Канал Ролу Тиркемелер
2013 Обон ааламы Ел арна Аткаруучу Байкоо
24-апрель 2015 Жети ыр Хабар Аткаруучу Байкоо
15-июль 2015 Таңчолпон Казакстан ТВ Конок
16-июль 2015 Центр коммуникаций РК Конок «Славян базарындагы» жеңишине байланыштуу пресс-конференция
24-августа 2015 Исабекова 365 Инфо Конок
7-сентябрь 2015 Түнкү студия Казакстан ТВ Конок
25-ноябрь 2015 Борбордук кабар Хабар Конок
25-апрель 2016 Жан сырым 7-чи Канал Конок
22-май 2016 Энелер Астана ТВ Конок Апасы менен
21-июль 2016 Биринчи колдон Рика ТВ Конок Атасы менен
январь-апрель 2017 Сингер 2017 Хунан ТВ Конкурсант ТВ-шоу
18-март 2017 Бактылуу лагерь Хунан ТВ Конок Эстрадалык шоу
20-март 2017 Телематэн Франс 2 Димаштын жылдыздуу учуусу тууралуу репортаж
21-март 2017 Лез Анне Боннер Франс 2 Аткаруучу
27-апрель 2017 Менин жигитим — супержылдыз иКИИ Башкы роль Реалити-шоу
28-апрель 2017 Бир күн алда Хунан ТВ Конок
6-май 2017 Кел ырдайбыз Хунан ТВ Конок
24-май 2017 Сюрприз дер кечеси — туулган күндүк майрам Лайв 4 Лайв Конок
24-июнь 2017 Түнкү студия Казакстан ТВ Конок
9-сентябрь 2017 Келе жаткан Тенсент ТВ Конок Виктором Ма менен «Earth Song» сырын ырдаган
18-январь 2019 Сапар Би-би-си кыргыз кызматы Конок Атасы менен. Кыргыз-казак тилдеринде өткөн интервью.

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү