Дүйшекеева Майрам (23. 5. 1959-ж. т., Ат-Башы району, Бирлик айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994). "Даңк" медалы (2008) . Кыргыз Республикасынын эл артисти (2019).

Майрам Дүйшекеева
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Майрам Дүйшекеева
Туулган жылы: 23-май 1959-жыл
Туулган жери: Ат-Башы району, Бирлик айылы, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: артист
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти , Кыргыз Республикасынын эл артисти , "Даңк" медалынын ээси.

1997-ж. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук факультетин бүткөн.
1975—82-ж. Нарын музыкалык драма театрында артист, 1982-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде ырчы.
Театрда аткарган ролдору: Катерина (А. Н. Островский, "Добул"), Үкөй (К. Мамбетакунов, "Үкөй"), Сейде (Ч. Айтматов, "Бетме-бет"), Жесир (Анкилов, "Солдаттын жесири") жана башка Дүйшекееванын үнүнүн диапазону кенен; элдик, лирикалык жана классикалык ырларды аткарат.
Аткарган негизги чыгармалары: Ж. Шералиевдин "Эстечи", "Жаштык көз", А. Керимбаевдин "Ак маралым", К. Тагаевдин "Тууган жерим турпатым", Э. Мааданбековдун "Нарын жаңырыгы", М. Рыскулбековдун "Музыка сыйкыры" жана башка көптөгөн конкурстардын лауреаты. КМШ өлкөлөрүндө, Франция, Түркия, Кытай, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. -ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү