Шаршен Дүйшөнкулов
Дүйшөнкулов, Шаршен | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Дүйшөнкулов, Шаршеналы |
Туулган жылы: | 1950-жыл |
Туулган жери: | Чаек айылы, Жумгал району, Нарын облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр жана кино артисти |
Наамдары: | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017), А. Боталиев атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1972-жылдан баштап ушул кезге чейин |
Театр: | Ош кыргыз драма театры, Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театры |
Өмүр баяны
түзөтүүШаршен Дүйшөнкулов Чаектеги орто мектепти бүтүргөн соң, артист болууну тилек кылып, 1967-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна өзүнө курбалдаш кыргыз-улан кыздары менен кошо экзамен берип өтүп кетет.
Аталган институтту 1972-жылы бүтүрүп чыгат.
Андан соң, эмгек жолун 1972-жылы, курсташтары – Ш.Супатаева, Д.Байдөбөтов, Г.Каниметова, М.Токтобаев, Н.Мамбетова, Ж.Сыдыкбаева ж.б. менен чогуу, жаңы ачылган Ош кыргыз драма театрында баштайт.
Ош кыргыз драма театрында он үч жыл жигердүү эмгектенгенден кийин, Шаршен 1985-жылы кайрадан жаңы ачылып иштеп атканына эки жылдын жүзү болгон Пржевальск шаарындагы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы драма театрына артист болуп кызматкка алынат.
Ошол мезгилден тартып ушул күнгө чейин Шаршен Дүйшөнкулов көл кылаасындагы сахна коллективинде талбастан чыгармачылык менен эмгектенип келе жатат.
Кыргыз сахна өнөрүнө кырк жылдан ашуун чыгармачылык жигерин берген Шаршен Дүйшөнкулов, театр журтчулугуна, көрүүчүлөргө курч мүнөздөгү ролдордун, айрыкча комедиянын устасы катары таанылган.
Ушул кезге чейин баш-аягы 100 дөн ашуун роль ойногон Шаршен Дүйшөнкулов, биринчи кезекте, адамдын сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткире сүйлөгөн өткүр тили, жараткан образдарынын ашкере эксперессивдүүлүгү жана сырткы мүнөздөмөсүнүн графикалуулугу менен айырмаланып турат.
Сахнада болсун, киноэкранда болсун Шаршендин индивидуалдуу почерки көзгө дароо урунат.
Кыргыз көрүүчүлөрү Шаршен Дүйшөнкуловду сахнадагы эмгектери менен баштатан эле эң сонун билишсе дагы, “Токолдор тополоңу” кинокомедиясындагы башкы каармандардын бири - алтымышка чыгып алып токол алам деп оолуккан айылдык бай фермер Шейшенбектин ролу менен кыргыз элине ого бетер кеңири белгилүү болду.
Реалдуу мүнөздөмө менен гротескнин чегинде жаралган бул комедиялуу образды Шаршен Дүйшөнкулов жеке чыгармачылык почерки менен алда канча байытып, тереңдетип, кайталангыс бийиктикке жеткирген.
Шаршен жараткан Шейшенбектин образы, азыркы кыргыз киносунун көркөмдүк деңгээлин аныктаган сейрек чыгармачылык ийгиликтердин бири болуп саналат.
Театрда ойногон айрым негизги ролдору
түзөтүү- Орган (Ч.Айтматов, “Алгачкы аңчылык” (“Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”)
- Качкынбай (З.Сооронбаева, “Сынган мазар”)
- Сейитказы (Б.Калчабаева, “Кыз-күйөө”)
- Каракожо хан (М. Байжиев, “Байыркы жомок”)
- Карыя (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
- Кырбаш (К. Жапаров, “Намыскөйлөр”)
- Француз королу (Шекспир, “Король Лир”)
- Апенди (И.Содиков, “Апендинин беш катыны”) ж.б.
Кинодогу ролдору
түзөтүү- Сарыгул (“Жараланган турналар”, реж. Ж.Кулмамбетов)
- Шейшенбек (“Токолдор тополоңу”, реж. Ж.Кулмамбетов)
Интернет шилтемелер
түзөтүү- [1] Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
- [2] Archived 2016-04-05 at the Wayback Machine
- [3] Archived 2016-03-08 at the Wayback Machine